www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окумуштуулар лаборотория шартында өстүрүлгөн адамдын клеткаларынан турган роботтошкон жүрөк жасап жатышат. Бул тууралуу Daily Mail маалымат булагы жазды.
Маалыматка караганда, роботтошкон жүрөктү нидерландык жана англиялык окумуштуулар жасап жатышат. Ал кадимки органдай эле канды бүткүл организм аркылуу жүгүртүүгө жөндөмдүү болот. Эгер бул ийгиликтүү болсо, 2028-жылы оорулуу жүрөктү башка адамдын жүрөгүнө алмаштыруу зарылдыгы болбойт.
"Өстүрүлгөн жүрөктү үч жыл ичинде жаныбарга салып, сыноо иштери жүргүзүлөт. Дал ушул аралыкта роботтошкон жүрөккө иммундук система кандай жооп кылары дагы так билинет", — деп айтылат макалада.
"Гибрид жүрөктүн" жыйрылуусуна анын курамындагы синтетикалык материал жардам берет. Ал толугу менен адамдын клеткасынан болбогондуктан, маал-маалы менен кубаттап туруу керек. Андыктан адам зымсыз зарядды жанына алып жүрүүсү шарт.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ушул тапта жүрөк кан-тамыр оорулары жер жүзү боюнча эң көп жайылганын маалымдаган.
Булак:NazarNews.kg