www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гонконгдогу илимпоздордун тобу коронавируска каршы вакцина иштеп чыкты. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, профессор Юэн Квок-Юнгдун айтымында, дары жаныбарлардын жардамы менен сыноодон өтөт.
"Биз вакцина иштеп чыктык. Бирок аны жаныбарларда сыноо үчүн өтө узак убакыт керектелет", — деди илимпоз.
Ал эми сыноо иштери бир нече айга созулушу мүмкүн экени, ал эми адамдарга клиникалык сыноого кеминде бир жыл кетери айтылат.
Окумуштуулар кадимки гриппке каршы вакцинаны модификациялап, ага коронавирустун антигенинин бөлүгүн кошушкан. Мындай вакцина грипптин күчөшүнө жол бербей, бул өпкө оорусун шарттай турган коронавируска каршы турат.
Буга чейин Шанхай университетинин алдындагы Тунцзи госпиталы жана Stermina биологиялык компаниясы коронавируска каршы мРНК-вакцинаны иштеп чыгуу үчүн долбоорду бекиткен. Дарыны кадимки препараттардан эртерээк даярдоого болот.
АКШнын Johnson&Johnson компаниясынын илимий кызматкери Пол Стоффелс вакцина иштеп чыгуу аракеттери жигердүү жүрүп жатканын, дары жакынкы айларда чыгып карышы ыктымал экенин билдирген.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы кабрланган. Адистер дарттын козгогучу коронавирус экендигин аныкташкан. Учурда 132 адам каза таап, 5974 адам жуктуруп алган.
Булак:NazarNews.kg