www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда полиция 17 жаштагы өспүрүмдү атып өлтүрүп алган. Бул боюнча окурман Фейсбук баракчасы аркылуу өз пикирин билдирген.
"Францияда канча күндөн бери тынч эмес, тополоң митингдер уланууда. Дүкөн, соода түйүндөр тонолуп, машиналар күйүп, жаштардын полиция менен кагылышуусу токтобой жатат. Теги Африкалык 17 жашар баланы полиция "буйрука баш ийбеди" деп атып салган.
Мындай тополоңдор Франция үчүн кадимкидей көрүнүш болуп калды. Себептери эмнеде?
Либералдуу мыйзамдар жана либерал адамдардын кесепети. Жанагы "Улуттун кереги жок, баары бирдей, тең укук, толеранттуу бололу"- деген кооз сөздөргө ишенип алган "көңүлчөөк","көңүлү бош" саясатчылардын кесепетинен Франция тынч эмес.
Менталитети башка, түшүнүгү башка, дүйнө таанымы, дини башка улуттарды бир кезде кооз сөздөргө ишенишип, жарандык беришип Францияга толтуруп алышкан.
Курсагы ач абалда жумуш издеп, кээ бирлери качкын болуп, үй-жайы жок, үй оокат сурап келген адамдар жана алардын балдары бүгүн Францияны отко, түтүнгө каптап "хаос" абалга салышты.
"Улут кереги жок, баарыбыз теңбиз, толеранттуу болушубуз керек, чек араларды алар үчүн ачалы, келип бизде жашай беришсин", - деп бир "көңүлү бош" айтып койсо ишенип алышкан, йолкиники.
Адамдар түшүнүгү боюнча, дүйнө таанымы, көз карашы, менталитети, билими, тарбиясы боюнча эч качан бирдей болбойт, эртеби-кеч ар ким өзүнүн анык жүзүн көрсөтөт.
Бир кезде жумуш, оокат издеп келген адам, жумуш, үй берген ээсине кол көтөрбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби адамдын табияты ушундай.
Ошону Франция эске алган эмес.
Биз кандай сабак алышыбыз керек? Бишкектеги саясий элита, биздин мыйзамдар либералдуу эмеспи?", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg