www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда окуучулар жана студенттер үчүн маданий иш-чараларга милдеттүү түрдө барууну караган жаңы демилге сунушталды.
Президенттин тиешелүү жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, ар бир окуучу жана студент жыл ичинде эки жолу театрдык иш-чараларга жана эки жолу музейге барышы керек. Башкача айтканда, бир адам жылына кеминде төрт маданий иш-чарага катышат.
Долбоорду ишке ашырууга 1,8 миллионго жакын окуучу жана студент тартылып, бул үчүн республикалык бюджеттен жылына 1,4 миллиард сомдон ашык каражат бөлүү пландалууда.
Демилгенин негизги максаты — жаштарды театр, музыка, опера, балет, музей жана башка искусство түрлөрүнө тартуу. Авторлор бул чара жаштардын интернетке жана электрондук оюндарга болгон көз карандылыгы күчөп жаткан шартта маданий баалуулуктарга кызыгуусун арттырат деп эсептешет.
Азырынча бул долбоор гана. Ал коомдук талкуудан өтүп, тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин гана күчүнө кириши мүмкүн.