www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Газпром Кыргызстан» мектеби карантинге жабылып, окуучулар аралыктан билим алууга өттү. Бул тууралуу окуу жайдын директору Татьяна Кузнецовага таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Анын айтымында, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан эки класстын окуучуларынан коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Мындан улам Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, эки аптага аралыктан окууга өттүк», — деди жетекчи.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы курган мектеп 960 балага ылайыкталган. Окуу имараты Аалы Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүндө жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости