www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери куралдар менен ок-дарылар мыйзамсыз сакталган бүтүндөй арсеналын табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын апрель айынын башында кызматкерлер ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууну көздөп жаткан жарандар жөнүндө ыкчам маалымат алышкан. Анда белгисиз адам ок атуучу куралдарды сатууга адамдарды издеп жатышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"7-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында саат 09:30 чамасында тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Мицубиси унаасын токтотушкан. Аны куралдарды сатууга шектелген Аксы районунун тургуну башкарып келе жаткан. Кароо жүргүзүү учурунда унаадан 7.62 миллиметр калибрдүү карабин ок атуучу куралы табылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында дагы бир шектүүнүн үйү текшерилип, ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын бүтүндөй арсеналы табылган.

Карабин, 2 бирдик ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал, 2 бирдик 16 жана 12 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал, андан сырткары пневматикалык тапанча жана күжүрмөн куралдардын ар кандай тетиктери. Ар башка түрдөгү ок-дарылар табылып алынган. Уруксат алган документтер бир гана куралга тиешелүү болгон.

Андан сырткары үйдөн Кызыл китепке кирип, атууга уруксат берилбеген эки сүлөөсүндүн териси табылган. Ошондой эле болжол менен баңгизатына окшош зат дагы табылып алынган. Бул боюнча дагы экспертизалар дайындалды", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости