www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүрткөндөрдү аныктоого жана бөгөт коюга багытталган атайын операцияны ийгиликтүү аяктады.

Жакында аталган кызматтын ыкчам кызматкерлери сымаптын ири партиясын сатууга аракеттенгендерге бөгөт коюшту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

2019-жылдын 3-февраль күнү өлкөбүздүн түштүк аймагында атайын операция жүргүзүү учурунда 1956-жылы туулган М.Р. жана 1978-жылы туулган Х.Ж. аттуу жарандар “сымап” уулуу затын сатып жатканда кармалышкан.

Кармалган жарандарга өздүк кароо жүргүзүүдө 100 килограммдан ашык салмактагы “ртуть” уулуу заты табылып алынган.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды дагы аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости