www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ийгилик чакырган жана жолдуу кылган күн качан?

Арабыздан бирөө бир жолу болсо да "менин күнүм качан келет?" деп өзүнө суроо салган чыгар...Андай болсо нумерологиянын жардамы менен сиз үчүн ийгиликтүү күн качан болорун билип алууга болорун айтабыз. Бул күн тууралуу маалымат алган соң түйшөлбөй жаңы иш баштап, бийиктиктерди багынта аласыз. Күндүн эсебин туура чыгарыш үчүн адегенде туулган күн, ай, жылдын сандарын бир орундуу сумма келип чыкмайынча кошобуз. Маселен, 03.10, 1980-жыл болсун дейли.

+3+1+0+1+9+8+0-22-2+2-4. Демек өздүк сандын коду 4 болду. Эми сиз иш баштай турган күндүн санын чыгарабыз. 04.09.2019. 0+4+0+9+2+0+1+9-25=2+5=7 . 4+5=9 Сиз үчүн тогуз саны кандай жооп кайтарат төмөндө белгилүү. 

1 саны. Бул күн кандай иш болбосун жүзөгө ашуу мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрөт. Чечкиндүү кадам жасай турган жана жаңы идеяларды орундатууга арнаңыз бул күндү: көптөн бери чечилбей келген талаш пикирде бүгүн сиздин жообуңуз чечкиндүү кадам болот, эстесеңиз, сизге жакын адамдар бир ишти чогуу баштоону сунуш этишкен, сиз кесепетинен коркуп өнөктөш болуудан качтыңыз эле, ушул маалда дагы бир ирет толгонуп көрсөңүзчү. Кыскасы, кагаз иштерине байланышкан жаңы иш, келишим, сүйлөшүү ийгилигин берет. 

2 саны. Бул күн ийгилик жаратат деп табылганда бардык иштериңизди пландап чыгыңыз, ошондой эле аткарылып жаткан жумуштарга саресеп жасап баа берүү менен жыйынтыгын натыйжалуу кыла аласыз. Сиздин тынчтыгыңызды бузбаган, жан дүйнөңүзгө жаккан сунуштардан баш тартпаңыз, албетте. 

3 саны. Күндөрдүн тизмегинде эң энергиялуу күн, башкача айтканда бул күнү көп иштерди бүтүрүп алууга толук мүмкүнчүлүгүңүз жетет. Ошол эле убакта эс алууну унутпаңыз. Максаттарга жетүү үчүн бириккен күч оң таасирлер, ийгилик менен коштолот. Жол сапарлары жана саякатка чыгуу планы кызыктуу жана эстен кеткис болот. Бул күнү бирөөгө кара санап, же зоболосун түшүрөм деп ойлобоңуз. 

4 саны. Бул күнү үйдөн чыкпай эле убактыңыздын баарын тиричиликке арнаңыз. Үй оокаттарынан да мурда баштап алып кол тийбей жатканы болсо бүгүн бүтүрүп алсаңыз, ийинден жүктү алып койгондой жеңилдеп каласыз. Жаңы долбоор, соода-сатык пландары эч кандай натыйжа жаратпайт, ошол эле убакта эс алуу да тынч өтпөйт. 

5 саны. Энергияга толгон, активдүү кыймылдар жүз берген, көп-көп күтүлбөстүктөр менен сюрприздерге жык толгон күн. Акылыңыз жетпей, жыйынтыгына ишене албай турсаңыз да тобокелдикке барып жаңы иш баштап коюңуз. Күндүн ыргагында актанууга жол берилбейт. Негизи ийгилик эбак башталган ишти улантканда жылмаят. 

6 саны. Өйдө-төмөн кеп баштап жан дүйнөнүн тынчтыгын бузбаңыз. Мээнетиңизди актабай турган, чечими арабөк калган иштен баш тарткан жөндүү. Тобокелчилик дагы ишенимсиздик сыяктуу эле, ал үчүн өзүңдү көпкө даярдаш керек болот. Андан көрө бул күндү үй-бүлөгө, достор менен жолугууга, туугандардын абалын сурап келүүгө жумшаган пайдалуу. Такыр эле бош отургуңуз келбесе, билимдерди жана тажрыйбаны өстүрүү үчүн үйрөнүү аракетин бүгүн баштаңыз. 

7 саны. Интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга арналган убакыт - окуп-үйрөнүп, изилдеп, жаңы ачылыштардын жаңылыгын тажрыйбадан өткөрүү жана искусство таануу күнү. Мындан сырткары бул күн сырдуу күн деп да айтылат. Ата-бабалардын арбагына куран окутуп, тазалоочу жөрөлгөлөрдү аткарып койгонуңузда көпкө жайдары жүрөсүз. 

8 саны. Олуттуу жана маанилүү иштерди бүткөрүүгө күч коротуңуз. Туура чечим кабыл алганда чоң киреше алып келет деген сөз бар. Бизнес жаатында, коомдук уюмдар менен байланышууда кубантарлык жыйынтыктар жүз берет. 

9 саны. Бардык тармакта: коммерциялык максаттарды жүзөгө ашырууда, финансылык иштерди аягына чыгарууда эки ача пикирлерге жол бербеңиз. Чыгармачыл адамдар үчүн бул күн атак-даңк алып келет.

Булак: “Шамбала”

Последние новости