www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өмүр бизден өтсө эл эмгектен эскерсин”, - демекчи өзүнүн артына өлбөс-өчпөс из калтырып кетишкен бул инсандардын эмгеги эч качан унутулбайт... 

Атагы таш жарган актриса 

Таттыбүбү Турсунбаеванын чыгармачылыктагы башаты тээ 17 жашында эле башталыптыр. Ал жалпы республиканы камтыган өздүк-көркөм чыгармачылык топторунун ортосунда өткөрүлгөн кароо-сынакта элдик ырлардын бирин аткарып көпчүлүктүн назарына илинген экен. 1966-жылы Ташкенттеги театралдык институтту аяктагандан кийин актрисанын алгачкы эмгек жолу Кыргыз мамлекеттик драма театрында башталыптыр.

Эӊ биринчи ирет режиссёр М.Убукеевдин “Ак Мөөр” телефильминде башкы каармандын ролун аткарып, көгүлтүр экранда жарк эткен жылдыздай жанып, көрүүчүлөрдү тамшандырат. 1971-жылы белгилүү режиссёрдун атайын сунушу менен “Уркуя” тасмасында Кыргызстандын түштүгүндө аялзатынан чыккан колхоздун алгачкы төрайымы, ошол кездеги Совет бийлигине каршы чыккан душмандардын колунан курман болгон Уркуя Салиеванын ролун жан дүйнөсү менен берилип аткарып, каармандын образын режиссёр ойлогондон да мыкты ачып берген соӊ атагы таш жара баштайт. Эӊ өкүнүчтүүсү-элди сулуулугу менен суктандырган актрисанын жалган дүйнөдөн 37 жашында өтүп кеткендиги болду. Чыгармачылык жолунда илгертен эле кыргыздын канына сиӊген ичи тардык менен көрө албастыктын кесепетинен бир топ эле запкы тарткан экен. “Ак Мөөр” тасмасы тартылганда Болот аттуу каармандын ролун ойногон белгилүү актёр Б.Бейшеналиев чыныгы жашоодо да актрисаны аябай сүйгөндүктөн, аны унута албай кыйналган дешет. Актрисанын жалгыз кызы Асель Эшимбекованын ММКнын бирине берген маегинде:

“Мен чыгармачылык жактан апамды жакшы тарта албай калдым. Апама анча окшошпойм. Моюнум кыска, өӊүм каратору. Апам болсо ак жуумал, моюну узун, абдан сулуу аял болгон”, - деп айткан жайы бар эле. Бир тууган актриса карындашынын жаркын элесине арнап актёр, обончу Нуркан Турсунбаев “Ай баратат” деген обондуу ырды жаратканын элдин баары эле билсе керек. Эмесе “Токтолуп сокпой жүрөгү, Соӊ-Көлдүн кетти чүрөгү” - демекчи кыргызда кылымда бир жаралган мындай сулуу аялзатынын ташкындаган талантына таазим кылмакчыбыз! 

Жазуучуну арбап алган балерина

Бүбүсара Бейшеналиеванын Ленинград шаарындагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык орто окуу жайын бүтүрүп келген соӊ болгону 15 жаш гана курагында атактуулукка карай кеткен жолго багыт алганы суктандырбай койбойт. 1941-жылы А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрына солист катары ишке алыныптыр.

“Эл оозунда элек жок” - дегендей атактуу балерина менен заманыбыздын залкар жазуучусу Ч.Айтматов экөөнүн ортосундагы мамиле тууралуу бүгүнкү күнгө чейин ар кандай сөздөр айтылып келет. Анын арасында Б.Бейшеналиеваны акыркы сапарга узатуу учурунда чет өлкөдөн келишкен аттуу-баштуу адамдардан тартынбастан аруу махабатынан түбөлүккө ажыраганына зээни кейиген жазуучу аябай ыйлагандыгы тууралуу имиш да бар. Ал имишке ишене турган болсок, жазуучуну мындай абалда көргөн мамлекеттик ишмер, ал кездеги Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Т. Усубалиев жанындагыларга:

“Ай тигинин ыйын басып койгулачы”-деп айтканын да кеп кылышат. Эми элдин оозун ким тыймак эле деӊизчи...

А, бирок чыгармачылыгынын гүлдөп турган учурунда, кырчындай 48 жаш курагында айыкпас дарттын айынан кыргызды кыйырга тааныткан балеринаны таш боор ажалдын арабыздан сууруп кеткени Кыргыз искусствосун оор жоготууга учуратты. 

Булак: Нурислам  КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости