www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— «Азаттык» мыкты иштейт, бирок өзүнүн уставдык милдеттерин өтө начар аткарат. Уставында жазылып турат: «Азаттык» демократиялык баалуулуктарды пропаганда кылат»-деп. Бирок, демократиялык баалуулуктар, принциптер, стандарттар деген нерселерди пропаган да кыла албай келет. Буга эң биринчи иретте анын жетекчиси Венера Жуматаева күнөөлүү. Мен Венера менен бир топ жолу атайы жолугуп сүйлөшкөм. Бирок ал киши демократиянын терең маанисин түшүнбөгөн, журналисттердин күчүн демократиянын негизги баалуулуктарына бура албаган жетекчи экенин билдим.

Ушул себептен мүмкүн Кыргызстанда демократия жөнүндө түшүнүк калыптана алган жок. Төңкөрүштөр болду, бирок мамлекет өзгөрбөдү. Конституциялар өзгөрдү, бирок алар демократиялык системага жакындабады. «Азаттык» информацияны, күнүмдүк саясий интригаларды, курч социалдык маселелерди чагылдыруу менен гана алек болгон радио болуп калды… АКШнын Конгресси аз эмес каражатты «Азаттык» уставдык негизги максатын аткарсын деп берип жатат. Азыр «Азаттык» реформага абдан муктаж.

Булак: “De-facto”

Последние новости