www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев акталгандан кийин мамлекет ага 4 миллион сомго чукул компенсация төлөмөй болду. Бул туурасында саясатчы сот өкүмү чыккандан кийин журналисттерге билдирди.

Текебаев бул каражатты доолабай турганын айтты.

«Реабилитацияга болгон укуктарыбызды судья толугу менен канааттандырды. Материалдык доонун баары өкмөткө коюлат экен. Төрт жыл түрмөдө отурдук, ошол аралыктагы айлык, моралдык компенсация жана башка маселелер боюнча эсептесем 4 миллион сом болот экен. Бирок мен андан баш тартам. Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат», - деди Текебаев.

Ошондой эле ал мындан ары дагы саясатка аралаша турганын кошумчалап, жакында «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңеши менен иш пландарын аныктай турганын белгиледи.

«Сөзсүз түрдө саясатка дагы аралашам. 62 жашта болгонум жана чарчап турганым менен жарандык позициям активдүү болот. Азыр менде жана үй-бүлөмдө кубануу сезими жок. Мен муну жеңилденүү катары кабыл алат элем. Кубанып отурган бир киши бар, ал - апам. Ар бир сот отурумун унутпай, сурап жаткан. Апам эртең менен реанимациядан чыкты, бүгүнкү кабар ага күч-кубат берет деп ойлойм», - деди саясатчы.

Белгилей кетсек, бүгүн Биринчи май райондук соту Текебаевди биротоло актаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости