www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү жана капиталдык курулуш башкармалыгынын «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы көмүр менен жылыган жалпы билим берүү мекемелерин газга өткөрүү боюнча долбоордук-издөө иштерине сынак жарыялайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын алкагында жарыяланды.

Ошентип, төмөнкү билим берүү мекемелерин газга өткөрүү пландалууда:

- №12 бала бакчаны;

- №23 мектепти;

- №35 мектепти;

- №15 мектепти;

- №54 мектепти;

- №59 мектепти;

- №32 мектепти;

- Майып балдарды реабилитациялоо борборун.

«Иштин баштапкы баасы – 6 млн 198 миң 875 сом. Каражат шаардык бюджеттен каралат», - деп айтылат маалыматта.

Сынак боюнча толук маалымат бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат: www.zakupki.gov.kg

Булак: NazarNews.kg

Последние новости