www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРДЫН АЛКАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ

Германиядагы ракты изилдөө борборунун адистеринин ою боюнча, онкологиялык ооруга чылым менен туура эмес тамактануу гана алып келбейт. Учактын тегерек терезесинин түбүнө отургандардын да ракка кабылуу коркунучу күч. Анткени аба кемесинин айнектери 47 пайыз UVA нурун өткөрөт.

Бул нурлар терини эрте картайтып, тери рагына чалдыктырышы мүмкүн. Автоунаада кетип баратканда терезени ачып коюу өпкө, табарсык шишигине кабылтышы ыктымал. Смартфондун экранынын түсү да аты жаман илдетти шартташы толук мүмкүн. Курамында минералдуу май кошулган косметика да зыян. Суюк тамактарды, суусундуктарды ысык кылып ичүү да сунушталбайт.

Анткени +65 градустан ашкан температурадагы суусундук тканды, тамак сиңирүү клеткасын өлтүрүп, ракты пайда кылат. Боор, ооз, тамак, эмчек рагы ичимдиктен келип чыгышы ыктымал экени айтылды.

Последние новости