www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан парламенттик башкарууга кадам таштоо менен партиялык системанын күч-кубат алышына шарт түздү. Саясий амбициясы бар акчалуу, элге төбөсү көрүнгөндөрдүн көбү 2010-жылдан кийин бирден партия түзүп саясатка аттанышты. Мына ошолордун катарында Бакыт Төрөбаев да бар.
Алгач "Республика" партиясынан депутат болуп келген Төрөбаев өзү бий, өзү кожо болууну эңсеп, өзгөлөрдөй эле амбициясын тизгиндей албай "Өнүгүү-Прогресс" партиясын түзүүгө жетишти. Партиялык түзүлүштү изилдеп, ал кездеги саясаттын абалын көрүп-билип аңдаган Төрөбаевге агрардык саясатты , бетке кармоо менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясын V түзүшү ага ийгилик жаратты. Жаңы түзүлгөн партиясы шайлоодо көмүскөдө калбай Жогорку Кеңештен орун алды. Ошентип жеке кызыкчылыктарына шайкеш келген партиялык системанын шарапаты менен партия түптөп саясатка батыл аралашкан Төрөбаев бизнесин өркүндөтүүгө да ыңгайлуу мүмкүнчүлүккө ээ болду. Анткени партиялык ширманы жамынуу менен айыл чарба багытындагы бизнесин параллелдүү өнүктүрүү анын бирден-бир максаттарынан эле. Ошол себептен чу дегенде эле ун бизнеси менен шугулданган Чыныбай Турсунбеков, Шаршенбек Абдыкеримовдор менен биргелешип, сырттан ташылып келинген буудайдан, ундан кошумча нарк салыгын алып салууга катуу аракет көрүшүп, максаттарына жетти. Натыйжада мамлекет 650 миллион сом зыян тартты.
Ал эми шайлоо алдындагы жер-жерлерде райондук, айылдык базада МТСтерди түзүү саясий упай алууга эле эмес, бизнесинин тамырын бекемдөөгө жол чапты. Ал эми чындыгында, МТСтерди түзүү демилгесинин негизги түпкү максаты элет жеринде айыл чарба менен алектенген ар бир дыйкандын жеңилин жерден, оорун колдон алуу болуш керек эле. Мына ушул максаттар ишке аштыбы бул чоң суроо жаратат. Алсак, 2015-жылы ар бир район эле эмес, жалпы республика боюнча 60 МТС түзүүнү негизги программа катары алып чыккан.
Турмуш далили ага жол берген жок. Анткени биринчи эле айыл чарбасына керектүү техника жана шаймандарды лизингге алуу биринчи дыйкандар үчүн оңбогондой чыгаша экени эсепке алынган эмес. Ага караганда эскирсе да пайдалануу мөөнөтү узак, оңдой-түзөөгө ылайыктуу эски техникаларды жамап-жаскап пайдалануу дыйкандар үчүн кирешелүү тажрыйба болуп калды. Экинчиден, лизингге берилген техникалардын процеттик чен-өлчөмүнүн кымбатгыгы, аны төлөө убактысынын кыскалыгы жаңы техникалык парктарды түзүүгө жолтоо болду. Саясий догма, популисттик билдирүүлөр дайым эле турмуш шартка ылайык келбегендей, саясий лозунгдар менен рынок шарты да бири-бирине дал келе бербей турганын партия лидери Төрөбаев түшүнгөндөй болду. Анткени анын билдирүүлөрү турмуштан алыс болуп чыкты. Дагы бир жагдайды ачык айтышыбыз керек. Арышы арбып бараткан бул партияга сырттан көз салгандар да, келечекте бирге иштөөнү каалаган саясатчылар да пайда болгон.
Бакыт Төрөбаев аларга биринчи койгон талабы эле өз аймактарына Бакыт Төрөбаевдин же "Өнүгүү-Прогресстин" атынан МТС ачып, анын лентасын өзү кесүү болгон. Ал эми бир МТС паркын ачуу бери дегенде 150-200 миң долларды талап кылат. Бир МТС ачкандан кийин кайра партиялык взнос, шайлоонун расходдорун кошкондо 500 миң долларга мандат үчүн тобокелчиликке баруу ар бир эле ишкер үчүн пайда алып келе бербейт. Алар да жалгыз Бакыт Төрөбаевдин феномени үчүн иштөөдөн баш тартып коюшканы мына ушундан болду. Анан калса 2015-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин он үч мандатка ээ болгон Бакыт Төрөбаев ошол учурда эйфорияга кирип жер менен баспай, ал учурдагы партияга буту үзүлгөнчө чур-аган тарапташтарын кабыл алуудан качып калган. Шайлоо алдында аларга убадаланган бизнеске акча берүү, жумуш орду менен камсыз кылуу, эң негизгиси депутаттык мандаттарды туура бөлүштүрүүнү каалабай жең ичинен ишти бүтүрө башташы, партияны анын ичинде фракцияны бөлүп-жарууга алып келди. Жалгыз досу Тынчтык Шайназаровдун интригаларына аралашып, бир кездеги идеялашы Максим Каганер менен Алишер Мамасалиевден башканы укпай, натыйжада фракция экиге алгачкылардан болуп бөлүнгөн.
Бүгүнкү күндө, саясий чөйрөдө Алтынбек Жунус уулу, Тынчтык Шайназаровдон башка жанында бараандуу депутаттардынкалбай калышы жеке билемдик иштеринин натыйжасы, майнабы болду. Ал ортодо ал кездеги президент Атамбаев ага "Агрардык тармактын көйгөйүн айтып жүрөсүң, айыл чарба тармагынын ишин илгерилеткенге салымыңды кош" - деп Айыл чарба жана мелиорация министрлигин "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын квотасына берсе, ал жердеги мураптын ишине чейин аралашып кеткен Бакыт Төрөбаевдин бул кылыгын дыйкандар эч кечирбесе керек. Албетте, парламентте беш жыл отурду. Бирде Атамбаевди, бирде Бабановду жандап жүрүп, азыр "Кара-Суу" кланына "күйөөгө тийгени жатат".
Биздин акыркы маалыматтар боюнча келечектеги шайлоого каржылык да, электораттык да шайманы жок БакытТөрөбаев азыр "Өнүгүү-Прогресс - Мекеним Кыргызстан" деген лозунг менен чыгууга болгон аракетин жумшап жатат. Анын үстүнө мурдагы пикирлештери жүз буруп кеткени, шайлоодо добуш алып берип жүргөн активисттердин көңүл калуулары, башка аймак түгүл кичи мекени Сузак районунан добуш алуусун кыйындатат. Демек, азыр Бакыт Төрөбаевге Сузактан жетиштүү добуш алуусу күмөн экенин айтсак эле, бул партия кандай абалда турганынан кабар берет,-деп "Фабула" гезити жарыялады.
Булак: NazarNews.kg