www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде кыскартып, “Запор” – деп аталган “ЗАЗ” автоунаасы бар эмеспи, тээ раматылык СССР деген доордо пайда болгон. Мына ошол автонун сүйүүчүлөрү дүйнөдө кеңири экен. Ага заманбап экинчи өмүр бергендердин эмгегине баа бериңиздер.

Адамдын акылы чексиз, колу ийкемдүү экенин мындан көрүңүз. Айрым колунан көөрү төгүлгөндөр эски “Запорун” эч качан жаңы “иномаркага” алмаштыргысы жок. Тескерисинче, бул унаанын ээлери унааларына заманбап көрк берип салышкан.

Мисалы, мына бул ажайыпты карагыла. Унаа ээси ак ат минген чыныгы ханзада болгусу келгендей!

Муну элестетүү дагы коркунучтуу экен. Машинанын астында эмне болуп жатат?! Чыныгы “ысык” тюнинг го...

Сак болгула! Жолдо коркунучтуу “жолборс” пайда болду. Бул ата-мекендик унаа үчүн чечкиндүү кадам эмеспи?

Мына бул чеберчилик сырткы түсү менен гана эмес, функционалдуулугу менен дагы өзүнө тартып турат. Анын артында ээрчиткен балапаны эле эмне деген өзгөчөлүктү билдирет!

Машина + мотоцикл? Жөпжөнөкөй! Кааласаң шайтан араба, кааласаң “Запор”...

Во, мына-мына, көрүнүшү жаман эмес! Күчтүү жана эч жеңилбес, жарыштардын “атасы” болчудай, келбетине караганда.

Ким ойлоптур, кичинекей автоунаа мына мындай күчтүү жана катуу мүнөздөгү көрүнүшкө ээ болорун. Бул биз байкаган “Запорожец” унааларынын ичинен “Текеси” экен.

Кай жакта кандай, ким билет. Билишибизче Кыргызстанда автоунааны мындай өзгөртүү менен ага жараша керектүү документтерди алыш кыйынга турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости