www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин  күнү менен чын дилимден  куттуктайм!

Маданият — коомдук жүрүм-турумдун нормаларынын системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын,  элибиздин дүйнө таанымынын казынасы.

Сиздер улуттук асыл дөөлөттөрүбүздү, кылымдардан  бери келе жаткан нарктуу салтыбызды азыркы муунга сиңирип, урпактарга жеткирүүгө багытталган эмгегиңиздер менен коомубуздун урматына ээ болдуңуздар. 

Көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого,  элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис  салымыңыздарды  жогору баалайбыз.

Маданият чөйрөсүнүн жаш муундардын мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоого кошкон салымы баа жеткис.

Мамлекет тарабынан маданиятыбызды, ата-бабаларыбыздан калган көөнө өнөрүбүздү сактап, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүп жатат.

Бардык багытта — адабият, театр, кино, сүрөт, музыка жаатында жаңы  табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн ыраазылык билдирем.

Сиздердин баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости