www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооган эли жөн жатпаган эл, тишине чейин куралданган оогандыктар акыркы жылдары согушсуз жашап көргөн эмес. 2001-жылы АКШдагы эки мунараны жардырганга да оогандык “Талибандар” күнөөлөнгөн. Кытайдын Ооганстанга жан тартып калганы Кытай-Ооганстан-Өзбек темир жолун салалы деген максаты бар. Бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын делегациясы өлкөдөгү согушту токтотууга жана тынчтык келишимине жетишүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуу үчүн бүгүн Кытайга келди. Бээжин акыркы кезде Ооганстандагы тынчтык жараяны боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштурууга жигердүү аралашууда.

Ооганга  Бээжин киришет

Кытай сүйлөшүүлөр өтө турганын расмий жарыялаган эмес, бирок Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунин «Ооганстандын тынчтык жараянына жардам берүүгө» Бээжин даяр экенин айткан:

- Кытай оогандардын ортосундагы диалогду, анын ичинде ооган өкмөтү менен талибдердин диалогун колдойт. Биз тараптардын эркин сыйлоо менен Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү жана жарашуу процессине жардам берүүгө даярбыз.

Ооганстандагы "Tolo News" телеканалынын өз булактарына таянып кабарлашынча, Кытайдагы жыйында президент Ашраф Ганинин жети пункттан турган «тынчтык жана жарашуу планы» сунушталат. Кытайдагы сүйлөшүүлөр бир нече күнгө жылып калды деген да маалыматтар чыгып жатат. Бирок ал тууралуу расмий кабарлана элек. Мурда да тараптардын сүйлөшүүгө катыша турган өкүлдөрүнө байланышкан карама-каршылыктардан улам жолугушуулар өтпөй калган учурлар болгон. Кытайдагы сүйлөшүүгө бир катар коомдук ишмерлер, анын ичинде «Талибан» менен сүйлөшүү жүргүзүүнү жактап келген мурдагы президент Хамид Карзай да келе турганы күтүлүүдө. Ал Москвадагы жолугушууларга да катышкан.

Ал эми «Талибандын» делегациясын кыймылдын таасирлүү лидерлеринин бири Абдул Гани Барадар жетектей турганы бегилүү болду. Ал өткөн жумада кытайлык дипломаттар менен Катарда кездешкен. Өлкөдөгү согушту токтотууга багытталган оогандардын ич ара диалогу деп аталган жыйын акыркы жолу июлда Катардын борбору Дохада өткөн. Ага «Талибан» кыймылынан тышкары белгилүү коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышкан. Оогандардын өз ара диалогу «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүн жараштырууну көздөйт. Бирок талибдер Ооганстандын өкмөтүнүн делегациясынын мүчөлөрү расмий бийлик өкүлү катары кабыл албай, ар бири өз атынан гана катыша турганын билдирүүдө. «Талибан» кыймылы Кабул өкмөтүн "Батыштын кол баласы" деп атап, алар менен бетме-бет отурган тикелей сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келе жатат.

Оогандардын ооматы келип жатат

Бул сентябрь айында жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурган акцияларынан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери келаткан сүйлөшүүлөрдү токтотуп койгон учурга туш келди. Ал эми АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад ошондон бери тынчтыкты орнотуунун жолдорун талкуулаганы Ооганстанга биринчи жолу ушул дем алыш күндөрү келди. 28-октябрда Ооганстандагы ок атышууну токтотуп, 18 жылдык согушка чекит коюуга багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы Кытайда башталганы турат. Эки күндүк сүйлөшүүгө катышуу үчүн «Талибан» кыймылынын делегациясы Бээжинге келди. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахиндин буга чейин айтканына караганда, Кытай «Талибандын» делегациясын оогандардын ич ара диалогуна катышууга атайын чакырган.

«Талибан» кыймылы менен бир жылдан бери болуп келе жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотууга куралдуу топ жайкын тургундар арасында чектен чыккан жардырууларды уюштурганы, андан америкалык жоокердин да курман болгону себеп болгон. Бирок ошондон кийин талибдер алдын ала макулдашылган тынчтык келишиминин талаптарын аткарууга даяр экенин билдиришкен.

АКШ Ооганстандагы вазийпасын улантат

Куралдуу топ АКШнын чабарманы менен болгон сүйлөшүүлөрдө Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгып кетиши керек деп келишкен. Ошол эле кезде Вашингтон Ооганстанды согушкер топтор плацдарм катары пайдалануусуна жол берилбешине кепилдик болушу керектигин талап кылган.

АКШнын Ооганстан боюнча чабарманы Залмай Халилзад сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан бери биринчи жолу Кабулга ушул дем алышта келди.Ал 27-октябрда Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда «Ооганстанда тынчтыкты орнотуунун жолдору» талкууланды. Ооган саясатчысы Саид Хамед Гейлани да Халилзад менен жолукканын, АКШнын чабарманы «талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүнчүлүгү бар экенин» ишарат кылганын «Твиттерге» жазды.

Халилзад Кабулдан мурда бул айда Исламабадда, Брюсселде жана Москвада да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Вашингтон менен катар Кытай, Пакистан, Орусия да Ооганстандагы тынчтыкка жетишүү максатында талибдер катышкан ар кандай деңгээлдеги жолушууларды уюштуруп келе жатышат. 25-октябрда Кошмо Штаттардын, Пакистандын, Кытайдын жана Орусиянын өкүлдөрү Москвада жолугушту. Алар бир ооздон сүйлөшүүлөр, анын ичинде Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы түз сүйлөшүүнүн эртерээк жанданышы Ооганстанда тынчтык орното турган жалгыз жол экенине токтолушту.

Талибдер Ооганстандын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт же таасири күчтүү деп айтылууда. Алар 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп, коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын байма-бай уюштуруп келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости