www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы ички иштери министринин орун басары Курсан Асановду колдогон саясатчылардын жоон тобу президентке кайрылуу жолдошту. Анда алар Курсан Асановдун кызматтан бошотулушу кырдаалды ого бетер күчөттү деп билдиришкен. Андан сырткары, Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап сотко алып келүү операциясы учурунда өзүнүн тажрыйбалуулугу, чечкиндүүлүгү менен көзгө урунуп, иш чараны ийгиликтүү өткөргөндүгүнө коом күбө болгондугун кошумчалашып, генерал милициянын кадыр-баркын сактап калды деген ойду айтышат.
Муну менен бирге, кат менен кайрылгандар Курсан Асановдун туугандары, жакындары, жоро-жолдоштору бул иш боюнча кайсы бир тараптын кысымына дуушар болуп жаткандыгын президентке айтышып, көз салып коюну өтүнүшкөн.
Президент Сооронбай Жээнбековго Асановдун иши боюнча төмөндөгү саясатчы, коомдук ишмерлер кат жүзүндө кайрылышкан:
Жылдызкан Жолдошова, Камила Талиева, Асия Сасыкбаева, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Темир Сариев, Кубатбек Байболов, Абдыгул Чотбаев, Каныбек Осмоналиев, Эркин Булекбаев, Жолборс Жоробеков, Марат Иманкулов, Өмүрбек Текебаев
Булак: NazarNews.kg