www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдарында иштеген ар бир кызматкер кыргыз мамлекетинин бейпилдиги үчүн кызмат өтөп келгендигинде калет жок. Ошондой эле кызматтардын бири ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун Бишкек шаары боюнча атайын операция отрядынын Сапердук даярдык боюнча улук тескөөчү-нускоочусу, милициянын майору Кутанов Булат Алыбекович жөнүндө сөз болмокчу.

Булат мырза кичинесинен эле милиция болууну самап келген. Балдар менен клубдарга барып кино көргөн учурларда өзүн ошол кинодогу каармандар катары элестетип кылмышкерлерди кармасам деп кыялданчу. Кармоо учурунда кылмышкерлер да жөн колго түшүп бербестен каршылык көрсөтөөрүн сыналгыдан көп көргөн. Булат кылмышкерди кармоо үчүн милиция кызматкери спорт жагынан жетишип, тың болуш керектигин түшүнүп, айылынан алыс эмес жайгашкан Кант шаарындагы бокс клубдардын биринде  машыгып баштаган. Мектептеги окуусун аяктаган соң, Жусуп Баласагын атындагы университетке тапшырып окуусун улантат. Милиция болом деген кыялын ишке ашырыш үчүн сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, «Кыбыраган кырды ашат» дегендей көп аракеттерден кийин алгачкы милициядагы кызматын 2001-жылы ИИМдин атайын операциялар отряддын босогосун аттоо менен баштайт. ИИМдин ичиндеги кызматтардан эң кооптуусу так ушул атайын операциялар отрядынын кызматы десек жаңылышпасак керек.

«Биздин жумушта шашканга болбойт. «Жети өлчөп бир кес»-деп айтылгандай дайыма так жүрүшүбүз керек. Шашып алып ката кетирсек, ал ката биз үчүн эң акыркы ката болуп эсептелинип калат. Ошондуктан шашпай эсептеп көрүп, анан ошол ишибиздин так экендигине көзүбүз жеткенде гана ишибизди аткарууга өтөбүз»- дейт. «Азыркы убакта атайын отряд форма жана материалдык-техникалык жактан өз убагында камсыз кылынып турат. Тагыраагы ар бир кызматкерге өз мөөнөтү менен АБПдан форма берилип турат. Бишкек ШИИББдан бир авто унаа бөлүп берилген, ошону менен иш алып барып жатабыз. Болгону курал жарак менен авто унаабыздын эскирип калганы болбосо баары жакшы» -дейт каарманыбыз.

Булат атайын ушул тармакты тандап алгандан кийин кызматынын аягына татыктуу чыгып, андан соң мөөнөтү келгенде ардактуу эс алууга кетсем деген максаты бар. Келинчеги экөө эки уул, эки кызды тарбиялап өстүрүп келе жатат. Эркек уулдарынын кичүүсү Раиль атасынын жолун жолдоп таэквандо менен машыгат. Казакстандагы мелдештерде биринчи орундарды багындырып келген. Таэквандо боюнча кызыл курга жетип, жакынкы арада кара курга тапшырам деп турат. Булат көпчүлүк учурда жумушта болгондуктан, балдарды тарбиялоо көбүнчө жубайы Гүлнурага тиешелүү. «Тылың жакшы болсо, фронт күчтүү болот»-дейт эмеспи, үйдө жубайың жумушуңду түшүнүп, колдоп турса ишиң да жакшы жүрсө керек. Гүлнура дагы Булаттын ишине көнүп, жумуштан кармалган учурларда анын бар жогун билгизбей келет.

«Булаттын иштеген иши жагабы?»-деген сурообузга Гүлнура мындайча жооп берди. «Булат ушул кызматты тандап алгандан кийин иштеши керек, адам баласы өзүнө жакпаган жумушту тандап алса ал илең-салаң болуп иштеп жарытпайт. Ошондуктан мен Булатты ал жумуштан иштебей башка жумуш караштыр деп айта албайм жана айтканга да укугум жок. Болгону элибизде тычтык болсо деп тилейм, элибизде тынчтык болуп турса Булаттын жумушу да тынч өтөт»дейт.

Ооба, элибизде тынчтылык болсо биздин бейпилдигибизди коргоп жаткан кызматкерлердин иши дагы тынч болсо керек. Болгону ачуу чындык катары айта кетүү керек, өзүнүн өмүрүн тобокелге салып, атуулдук милдетин өтөп жаткан кызматкерлердин айлык маянасы башка күч кызматкерлерине караганда алда канча төмөн болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Биздин арабызда Булатка окшогон жигиттер кызмат өтөп турса милициянын кадыр баркы көтөрүлгөндүн ичинде болоору шексиз. Автор: Д.Асамидинов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости