www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 28-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун баш коргоо чарасын карап, алардын үй камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.
Эске салсак, 21-августта жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу караган Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин райондук сотко кайра кароого жөнөткөн эле.
Ал эми 29-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май соту экөөнүн баш коргоо чарасын карап, эки саясатчыны үй камагына чыгарган.
Булак: NazarNews.kg