www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт аке калпты катуу айтат экен

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева ундун наркы эки эсе жогорулаганы жөнүндө айткан. Айтып оозун жыйгыча Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүндөгүлөр андай эмес, мындай деп, унга болгон бааларды тизмектептир.

2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду тузгөн, Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө.

Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады. 2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн. Учурда, 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8%га жогорулады.

Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт дептир. Сөзсүз эле эки эсеге кымбатташ керекпи? 30%га кымбаттаганы чын да. Бул тууралуу кыргызстандык тегирменчилер бирикмесинин төрагасы Рустам Жунушов билдирди. Пенсияга 300 кошуп, ундун баасын 300 сомго кымбаттатып койдуңар, ушул туурабы? Же Шаки, Төрөбаев, Турсунбеков баш болгон тегирменчилердин капчыгын кампайталы деп жатасыңарбы? Антимонополия каякты карап олтурат? -деп "Факты kg" гезити жазып чыкты. 

Последние новости