www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттеги артисттерди тааныйбыз. Алардын ана-башчысы бар Дастан Артисбекович деген. Сентябрь айынын ортосунда күйүгүп-бышыгып, Бишкекте “Илбирсти коргоо” боюнча уюштурулган марафондо 5 чакырым чуркаганын эсиңерден чыгара элексиңерби? Түтөп кеткен чуркай коём деп. Ошондо марафондун ураанын деле унутуп калса керек. “Илбирсти коргоого” арналган.
Анан эле октябрдын этегинде дал ошол илбирстен тамак талашып, аркар, кулжа, элик, бугу, каман сыяктуу жаныбарларды атканга эмнеге далбастап жүрөт эч ким түшүнбөй калды көрүнөт. Булардын эс тутуму кыска, унутчаак десек кээде таарынышат. Артисбекович ушинтип сүйлөгөн сөзү менен кылган иши дал келбедиби? Эми дагы бир далилге көңүл бургула. Негизи санап өткөн сейрек кездешүүчү жандыктарды атууга 10 жылдык мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоорун 40 депутат иштеп чыккан. Анан добушка келгенде ошол 40 депутаттын ичинен 10дон ашууну кайра эле өзүлөрү иштеп чыккан мыйзамга каршы добуш берип салып, жандыктарды атып өлтүрүүгө макулдугун берип, иттиги чыгып отурбайбы.
Деги, 2020-жылдагы шайлоодо мындай эки жүздүүлөрдөн кудай өзү сактаса экен...
Булак: NazarNews.kg