www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медетхан Шеримкулов өзү билими жана адистиги боюнча тарыхчы болгондуктан, улутчулдукка каршы башталган бул саясий-идеологиялык күрөш жүрүп жаткан кезде, ал баарынан да катуу тынчсызданып, кабатырлана караганы тарых илими тарап болду. Анын максаты — ал жактагы талкууларды саясий өңүткө өткөрбөй токтотуу болчу. Тилекке каршы, бир гана фразадан улам, же, тагыраагы, бир сүйлөмдүн ичинде айтылган “Ушул сыяктуу идеализациялоо мотивдерин… кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы жөнүндө жарыяланган айрым чыгармалардан байкоого болот”, — деген сөздөрдөн улам, тарыхый багытта да катуу талкуулар башталды. Окумуштуу-академиктер, тарыхчылар Бегималы Джамгерчинов, Курман-Гали Каракеев жана башкалардын ошол кезге чейин эле коомчулукта оң баасын алып, кеңири таркап кеткен илимий эмгектери уюшкан, жалаа сынга кабылышты. Себеби, алардын окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эмгектеринде тигил же бул өлчөмдө Улуу Кыргыз империясы –жетинчи-тогузунчу кылымдардагы Енисейдеги кыргыздардын каганаты — тууралуу маалыматтар камтылган болчу. Мунун баарынын түпкү таасири башкада эле. Анткени, ошол кездеги республика жетекчиси Турдакун Усубалиев кыргыз тарыхындагы Енисейге тийиштүү бөлүгүн танып, бул илимий чындыкка каршы чыккан көз карашын жарыялаган. Ал Улуу Кыргыз державасы да, Орхон-Енисей жазмалары да азыркы кыргыздарга — Кыргыз ССРинде жашаган кыргыздарга! — эч тиешеси жок деген!
Мындай ашкере саясатташтырылган, демагогиялуу көз караштын абсурддуулугу илимден өтө алыс болушкан адамдарга деле байкалып турбайбы. Тим эле, кыргыз тарыхы байыркы таш жазууларында жазылып, сакталып калбагансып! Күтүүсүздөн ойго келе калган, элдик акылмандыкта эбак эле учкул сөзгө айланып кеткен салыштыруу жаралат: “Калем менен жазылганды балта менен жок кыла албайсың!” Бир гана айырмасы, азыркы биз айтып жаткан кырдаалга жараша, бул “илимий” аныктаманы иллюстрациялоодо аны бир аз өзгөртүп: “Ташка чегилген жазууну эч ким өчүрө албайт!..” — деп айтууга туура келмек. Жада калса — республиканын биринчи жетекчиси дагы — анын бийлиги канчалык күчтүү болсо да!..
Тээ студенттик кезден бери эле бир чөйрөдө чогуу жүрүшкөндүктөн, Медетхан Шеримкулов көпчүлүк тарыхчы-окумуштуулар менен жакшы тааныш болуп, айрымдары менен жеке адам катары жакын мамиледе жүрө турган. Ошондуктан, Медетхан аларга колунан келген жардамын берүүдөн эч аянган жок. Ал бейрасмий сүйлөшүп калган учурларда, мурдагы коллегаларына ар кандай жолдорду айтып, бул түзүлгөн кырдаалдан мүмкүн болушунча азыраак жоготуулар менен чыгууга аракет кылды. Бул үчүн бар болгону акыл-эстүү ой калчап, айрым компромисстерге барып, а эң башкысы — Кубанычбек Нурбеков сыяктуу ашыкча кызуу кандуулукка алдырбоо керек болчу. Чындыгында, анын артка чегинүүгө жолу деле калбай калган, себеби, ал өзү мындай мүмкүнчүлүктөрдүн баарын башында эле жок кылып салган болчу!.. Ал эми тарыхчылар менен жазуучулар өз эмгектериндеги кетирилген жаңылыштыктар жөнүндө эскертүү алышкан соң, буга баш ийгендей, макул болгондой түр көрсөтүшүп, эч кандай нааразычылыктарын, каршы пикирлерин айтышкан жок.
Ал тургай, айрым учурларда алар мурдагы эмгектерин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгонуна кубангандай да болушту. Маселен, улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков ушундай реакция жасады. Анын “Сынган кылыч” аттуу тарыхый романы Кокон хандыгынын дооруна арналып, Орус падышачылыгынын жалпы фронт боюнча жүргүзгөн колониалдык саясатын Орто Азияда ишке ашыруусу менен байланышкан.
Бул оор, татаал сүйлөшүү адеп башталары менен эле, жазуучу өз чыгармасындагы “айрым моменттерди кайра карап чыгууга” даяр экендигин билдирди. Буга Компартиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Турдакун Усубалиев да абдан сүйүнүп кетти. “Мына, чечим өзү эле табылды! Мына ушундай деп чечүү керек! Мейли, автор өзү чыгармасын дагы бир ирет кайра карап чыксын!” — деп, бир нече жолу кайталап жиберди.
Кийинчерээк, Төлөгөн Касымбековду жакындан таанып, жазуучу катары гана эмес, адам катары да жакшы билип калган соң, Медетхан Шеримкулов анын табигый акылмандыгына жана Кудай өзү ыроологон тубаса талантына таң берген. Мындай адамдарды тубаса талант деп коюшат эмеспи. Билим деңгээли менен деле анча өзгөчөлөнбөй, орус тилин да башка айылдан келишкен өз курбалдаштары сымал начар билгенине карабастан, Төлөгөн Касымбеков жогорудагы аталган романын алгач ирет отуз беш жаштагы куракта жарыялагандан тартып, көзү өткөнгө чейин кыргыз адабиятынын тирүү классиги катары бааланып жүрдү.
Соңку кездерде, Медетхан Шеримкулов легендарлуу парламенттин төрагасы болуп калганда, бул жазуучу экөөнүн ортосунда чыныгы жолдоштордой болгон, өтө жакын, ишеничтүү мамилелер жаралган. Ал учур тууралуу алдыда дагы сөз болот…
Ал кезде болсо, Медетхан Шеримкулов Төлөгөн Касымбековдун өз романын кайра карап чыгууга дароо эле макул боло койгонуна таң кала түшкөн. Оппоненттерине каршы эч кандай каршы пикир айтууга, же кандайдыр бир жүйөөлүү ойлорду айтып, коргонууга далалат да кылган эмес. Ошого чейин эле бул калың калк катмарына терең таркап кеткен роман үч ирет кайра басылып чыгып, эл сүймөнчүлүгүнө айланган болчу!
Ошондон он жыл өткөндөн кийин гана, Төлөгөн Касымбеков жаңы жазылган “Келкел” романын жарыялоого жардам сурап, өзүнө кайрылган кезде, алар бул саясий цензуранын торуна чалдыгып, чыкпай жаткан чыгарма тууралуу, жана башка маселелер жөнүндө кеңири сүйлөшүшкөн. Баса, Медетхан Шеримкулов өзүнүн дал ушул ак дилдүү кадамы үчүн Борбордук Комитеттин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген учурунда Турдакун Усубалиевдин каарына калган. Ал куугунтукка кабылган жазуучуну канатына калкалай баштаганын угуп, биринчи секретарь менен бөлүм башчынын ортосундагы мамилелер биротоло бузулган!.. Ал ирет болсо, көрсө Төлөгөн Касымбековду мындай илбериңки чегинүүгө барууга мажбурлаган жүйөөлүү жагдайлар болгон экен. Анткени ал кезде китепти жарыкка чыгаруунун өзү эбегейсиз чоң, айтып бүткүс татаал түйшүктөр менен коштолчу.
Медетхан Шеримкулов таанымал жазуучулар дагы өз чыгармасынын басманын планына киришин зарыгып күтүп, кээде бир нече жылдап эшик жыртып жүрүшкөнүн билчү. Узак убакыт бою кыйналып жазган кол жазмасын китеп түрүндө көрүүгө жетүүнүн өзү азаптуу жолго айланчу. Анын үстүнө, бул узак мөөнөттү камтыган процедура көп учурларда бюрократиялык тосмолорго кептелип, жазуучунун бүт бардык болгон энергиясын, нервин, ден соолугун жей турган. Ал эми мурда чыккан китебин оңдолгон, толукталган редакцияда кайра жарыялоо мүмкүнчүлүгү сейрек гана жазуучулардын энчисине туш келчү. Же өзү табиятынан акылман адам болгондуктан уламбы, же башка бир себептерденби, айтор, Төлөгөн Касымбеков да бул идеологиялык иш-чарага байланышкан кыйынчылыкта өзүнүн элге эбактан бери эле кеңири белгилүү болуп кеткен чыгармасын бир аз оңдоп-түзөмүш этип туруп, дагы бир жолу кайра чыгарып салуу мүмкүнчүлүгү жаралганын илгиртпей түшүнгөн тура!
Акылман, улуу жазуучу баягы эле эл арасындагы “жаман айтпай — жакшы жок!” — деген эски, жөнөкөй накыл кепти өз маанисинде колдонгон экен. Эң алгач ирет 1965-жылы жарык көргөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы кийин үзгүлтүксүз кайра иштелип, толукталып жүрүп олтурганын байкоо кыйын эмес. Автор бул чыгармасынын эң соңку, толук иштелип чыккан вариантын 90-жылдардын башында — эгемендик доордун эң алгачкы жылдарында — мурдагы цензура биротоло жоголуп, жасалма тоскоолдуктар жоюлгандан кийин гана чыгарган.
Бул ирет идеологиялык бороондун кезектеги чапкыны кыйла тынч өтүп, эч кандай саясий репрессиялоо болбогондугу көзгө урунат. Өтө оор маанайды жараткан коомдук-саясий абал коомчулукта кыйла узак убакыт бою таркабай турганына карабастан, баары салыштырмалуу жакшы аяктаган. Адегенде айрым тарыхчылардын, жазуучулардын жана окумуштуулардын тагдыры татаалдаша тургандай сезилип, алардын башында домоктун кылычы салаңдап тургандай таасир калган. Жогоруда айтылган окумуштуу-юрист Кубанычбек Нурбековдун оор тагдырынан башка, улутчулдук маселесине байланышкан талкуулар канчалык курч, катуу жүрсө да, алардын дээрлик баары илимий жана теориялык дискуссиялар алкагынан чыккан жок.
Мунун себеби Б. Т. Мураталиев жетектеген Медетхан Шеримкулов жана башка анын коллегалары идеологиялык маселелерди чечүүдө талкууга катышкан эки тарапка бири-бирине саясий айыптоолорду коюшуна жол беришкен жок. Антпесе, албетте, бул ыңгайлуу учурду пайдаланып, өз “душмандарын” биротоло чаап түшүүгө аракет кылышкан уюшкан топтор бар болчу. Кээде мындай аракеттер, ошол “тынч, таза илимий мүнөздөгү” талкуулар учурунда деле, эч чүмбөттөлбөй, ачык байкалып турчу.
Дал ошол жылдарда интеллигенция арасында “мен бул чыгарманы окуй элекмин, бирок, ал тууралуу өз оюмду айтып коёюн!” деген ачуу ирониялуу тамаша жаралган. Медетхан Шеримкулов башка айрым коллегаларынан айырмаланып, Владимир Дудинцев, Михаил Булгаков, Борис Пастернак, Анна Ахматова, Василий Гроссман, Александр Солженицын жана башкалардын чыгармалары боюнча бул сыяктуу талкуулар мурдараакта Москвада кандайча болуп өткөнүн жакшы билчү.
Айта кете турган нерсе, дал ошол сенектик деп аталган кезде, советтик коомчулукта интеллигенция арасында коммунисттик режимге карата болгон билинер-билинбес, өтө аз сандагы оппозиция катмары калыптана баштаган. Ар кандай идеологиялык мүнөздөгү чектөөлөр, сөз эркиндигинин жоктугу, жана да адамдардын өз мүмкүнчүлүктөрүн толук реализациялоого болгон тоскоолдуктар баары жыйылып келип, эң акырында элди эрксизден ар кандай укуктук жактан бузууларга түртө баштаган болчу. Тыюу салынган адабиятты окуу, чет өлкөдөн мыйзамсыз агып кирген адабият үлгүлөрүн көчүрмөлөп таркатуу сыяктуу кыймылдар башталган.
Коомдун бардык катмарларында, чет өлкөлүк “душман радиостанциялары” аталган радиолор таркаткан кабарлар бейрасмий түрдө ачык эле талкууланышы көнүмүш болуп калган. Ачык айтылбаса да, элдин көбү “Голос Америки”, “Свободная Европа” (кыргыз тилинде — “Азаттык”) биздеги жаап-жашылырлган нерселер жөнүндө дароо жарыя кыларын жакшы билишчү. Тыюу салынган нерсе таттуу сезилери анык. Ошондуктан, угузууга ачык жол берилбеген радиолорду түнкүсүн баары жашыруун угуп калышкан. Жада калса, күндүз алардын бар экени тууралуу эч кабары жоктой түр көрсөтүшкөн адамдар да угушчу болгон. Албетте, көбүнчө эркин ой жүгүртүүгө умтулуп көнгөн интеллигенция өкүлдөрү угуша турган. Чет элдик радиостанциялардын берүүлөрү атайын каражаттар аркылуу бузулуп, угуу сапаты өтө начар экендигине да карашчу эмес!
Айтор, бир сөз менен айтканда, коомчулукта саясий сиcтемага карай тымызын коомдук оппозициялык маанай жарала баштаган. Нааразычылыктын мындай агымы кээде байкалбастан жыйылып олтуруп, акырында чоң чууга айланган учурлар да орун алчу. Маселен, 1958-жылы Москвада жарыяланбаган Борис Пастернактын чыгармасына байланыштуу болгон чыр 70-жылдарда Александр Солженицын менен кайталанды.
Медетхан Шеримкулов өз ишмердигине байланыштуу ушул сыяктуу чыгармалардын баарын окуп-иликтеп, андай тыюу салынган адабиятты кызматтык зарылдыкка жараша алууга мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. 70-жылдарда өткөн чуулгандуу талкууларды жыйынтыктап жатып, мезгилдүү басма сөздө, илимий коомчулукта жана да айрым уюм-мекемелерде, интеллигенция арасында кызуу талаш-тартыштар орун алгандыгына карабастан, оор жоготуулар болгон жок. Эгерде 50-жылдардагы, же айрыкча 30-жылдардагы кандуу саясий репрессиялардан соң, курч талкуулардын жыйынтыгы боюнча бир да адам мыйзам кылычына кабылбагандыгынын өзү эле чоң ийгилик жана алдыга жылуу болчу!
Бул, албетте, биринчи иретте, жергиликтүү идеологиялык кызматкерлердин ийгилиги десек болот. Алар ар бир маселени өз алдынча карашып, жогору жакка карабастан, өз алдынча жыйынтык чыгарганга жетише башташканын айгинелеп турган. Тарыхчылар Курман-Гали Каракеев, Бегималы Жамгерчинов, жазуучу Төлөгөн Касымбеков, филолог Жээнбай Мукамбаев жана башкалардын чыгармалары илимий жана чыгармачыл талкууларда идеологиялык призма аркылуу каралганы менен да, алардан улутчулдук тенденцияларды табуу аракети жалпы колдоого алынган жок. Ошондуктан, алар “өз концепцияларынын айрым моменттерин кайра карап чыгышы керек” деген гана сунуш-пикирлер менен чектелишти.
Ошол кездеги идеологиялык тапшырмалардын тили менен айтканда, жогоруда талкууга түшкөн инсандар бир аз гана чочуткан эскертүү алышкан. Медетхан Шеримкулов идеологиялык машина ишке кирише турган болсо, аны кайра токтотуу абдан оор кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы биле турган. Эгерде андай ишке жол берилсе, сөзсүз кандайдыр бир жамандыктар орун алмак. Демейде, идеологиялык жактан жазаланган адам адегенде кызматынан куулуп, андан соң, анын эмгектерин жарыялоого такыр тыюу салынуучу. Бул болсо, чыгармачылыкты өз өмүрүнүн чыныгы маңызы деп санаган жазуучу жана чыныгы окумуштуу үчүн өлүмгө өкүм кылууга барабар жаза болуп эсептелет.
Дал ошондуктан улам, Медетхан Шеримкулов, жогоруда айтылгандай, аталган окумуштууларга жана жазуучуларга колдон келген колдоосун ачык да, тымызын да көрсөтүп, алардын орой жаңылыштыкка баруусуна жол бербей, бул татаал кырдаалдан жалпы коомчулук оңой чыгып кетүүсүнө шарт түздү. Кийинчерээк тарыхчылар Курман-Гали Каракеев, Бегималы Жамгерчинов, тилчи Жээнбай Мукамбаев, жазуучу Төлөгөн Касымбеков жана башкалар эл арасында Медетхан Шеримкуловго өз ыраазычылыктарын ачык айтышкан учурлар да болду. Ошентип, кезектеги кооптуу саясий кампаниянын айынан, кыргыз элинин эң мыкты тарыхчыларынын, жазуучуларынын башына үйүлгөн кара булут таркатылды.
Мамасалы АПЫШЕВ
Булак: “Жаңы ордо”