www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыноонун алкагында Орусиянын жарандары жана мекемелеринин ортосунда бөлүшүлгөн даталардын эл аралык интернетке чыкпастан өлкө ичинде кармалышы максатталууда.

Орусия, кибердик коркунучтардын себебинен пайда боло турган коркунучтардын ооздуктоо үчүн глобалдык интернет байланышын кыска мөөнөткө токтотууну пландап жатат.

Орусиянын РБК агенттигинин расмий органдарга таяндарып берген маалыматына караганда, Орусияга карай интернет аркылуу ыктымалдуу глобалдык коркунучтарга каршы бир катар алдын алуулар болмокчу.

Аты аталган алдын алуулардын белгилениши үчүн айрым сыноолор жасала турганына шилтеме кылган маалыматта, булардан биринин да Орусиянын глобалдык интернет менен байланышынын үзүлүшү боло турганына басым жасаган.

Сыноонун алкагында Орусиянын жарандары жана мекемелеринин ортосунда бөлүшүлгөн даталардын эл аралык интернетке чыкпастан өлкө ичинде кармалышы максатталууда.

Ушундайча өлкөдө интернетти глобалдык интернет камсыздоочулардан көз караныдсыз түрдө иштей турган ыктымалдуу кибер чабуулдардан коргоо пландалууда.

Ал эми айрым адистер, бул иш-аракет ишке ашкан учурунда өлкөдөгү интернет цензурасы Кытайда болгон сыяктуу «каттуу» абалга келе турганы боюнча эскертишүүдө.

Орусия, интернеттин «жергиликтүүлүккө айландырылышы» үчүн орто эсеп менен 20 миллиард рублдык бюджет бөлүп, интернет үзүлүп жасала турган сыноолордун 1-апрелден мурда ишке ашырлышы пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости