www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Тайпанын орус фильми» (Русская фильм группы) компаниясы Москванын Арбитраждык сотуна доо арыз менен кайрылгандыгын, бүгүн 23-августа «Ведомости» гезити жазып чыкты. Анда China Film Group кытай кинокомпаниясынын жана Жеки Чан менен Шварценегрдин үстүнөн сотко кайрылып, алардан 216,6 млн рубль өндүрүү боюнча арыз берген. Алардын жүйөөлөрүнө караганда, “Ажыдаардын жашыруун мөөрү” (Тайна печати дракона) аттуу тасманы тартууга жалпысынан 50 млн доллар коротулган. Тасмасын тартуу жана даярдоо менен кытай кинокомпаниясы шугулданып, Голливуд актерлору да ролдорду жаратышкан. Ал эми аталган тасмага 200 млн рублдай акча короткон “Тайпанын орус фильми” банкротко учуроо алдында турат.
Банкрот болгон бул компаниянын белгилүү актерлорду сотко беришин көпчүлүк жөн гана компаниянын тасманы жарнамалашы катары түшүнүшүүдө. Ал эми фильмдин продюсери Алексей Петрухин коротулган акчаны кайра талап кылуу максатсыз деп эсептейт:
- «Тайпанын орус фильми» тасма үчүн берген 200 млн рубль Россия кино фондунан бөлүнгөн. Бул каражат жеке инвесторго да, компаниянын өзүнө да эч тиешеси жок, деп белгилейт продюсер.
Басылманын маалыматы боюнча тасма өткөн жылдын август айларында эле прокатка чыгышы керек эле. Ушундай келишпестиктерден улам кечеңдеп олтуруп, ушул жылдан тарта Кытайда көрсөтүлө баштаганы айтылууда. Анткен менен анын алгачкы эле жумасында 2,1 миллион доллар (137,6 млн рубль) чогултканы белгилүү болду. Россияда болсо кийинки айдан баштап прокатка чыгат.
Булак: "NazarNews.kg"