www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын шаарларында кыргыз паспорттору коңшу өлкөлөрдүн жарандарына ачык эле сатылып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-спикер Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымына караганда, кыргыз паспорттору менен колго түшкөн чет элдик мигранттардын документтери жасалма эмес экени такталууда.

«Паспорттордун көбү Сузак районунан алынган. ИИНди текшергенде дагы аныкталып жатат. Демек, бул документтер жасалма эмес. Булар мыйзамсыз жол менен алынган улуттук паспорттор», — деди ал.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов учурда паспортту мыйзамдын негизинде гана алса боло тургандыгын айтты.

«Азыркы тапта паспортту башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Документ арыз ээсинин биометрикалык маалыматын алгандан кийин гана толтурулат», — деп жооп берип, вице-спикерден далил көрсөтүүнү суранды.

Алмаз Мамбетовдун айтымында, башка өлкөлөрдүн жарандары эски документтердин негизинде жаңы паспортторду мыйзамсыз алып жатышат.

«1994-жылы улуттук паспорттордун жаңы үлгүсү киргизилген. Жалпы 3 миллион документ даярдалган. Ошол убакта ИИМдин паспорт столунан 100-200 миң документ жоголгон. Андагы «жоголгондорду» кийин жаңы паспортко алмаштырышкан. Акыркы чуулгандуу окуялар ошого байланыштуу», — деп кошумчалап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости