www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кетти.  

Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан.

Маалыматтарда окуя жергиликтүү убакыт боюнча 18:20да, аскердик бөлүктөгү техникалык-ремонт базасында күзөт нөөмөттөрү алмашып жаткан учурда болгону айтылат. Ок каза болгондордун баарынын башына атылган. 

Коргоо министрлиги тараткан алдын ала маалымат боюнча, ал жоокер жеке көйгөйлөрдөн улам келип чыккан нервдик чыңалуудан өзүн кармана албай калган болушу мүмкүн. Ошондой эле "дедовщинага" чыдабай ушул кадамга барышы мүмкүн экендиги да каралууда.

Ал эми “РИА-Новости” агенттиги каза болгондордун бешөөсү жоокер, экөөсү офицер, ал эми бирөөсү контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер, ал эми аларды аткан 20 жаштагы жоокердин аты-жөнү Рамиль Шамсутдинов экенин жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости