Орусиянын Сочи шаарын сел каптады
Дүйнө жүзүндө  |   |  549

Орусиянын Кара деңиз жээгиндеги Сочи шаарын сел каптады.

Шаардын борборунда нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен бир топ үй жана жолдорду сел каптап, жамгыр капыстан катуу жааганы үчүн элге жардам берүүлөр жетише алган жок, бир топ киши өз мүмкүнчүлүгү менен селден кутулган.

Псов дарыясынын ташкынга учурашынын себебинен курорттук зона Адлер суу астында калды.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул убакка дейре өлүм болбогонун, жамгыр улам-улам нөшөрлөп жаап жатканын жана сел басып калган жерлердеги сууну азайтуу иш-аракеттери жүрүп жатканын жарыялаган, деп "trt.net.tr" өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями