www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1991-жылдын 19-августунда КПСС БКнын Генеральный секретары Михаил Горбачев Форосто камакка алынып, ГКЧП бийликке келет. Себеби, ошол эле жылдын 17-мартында СССРде жашагандар референдумда добуш беришип, көпчүлүк добуш менен СССРди жашоону каалгандар жеңип чыгат. Бирок кырдаал татаалданышып, Горбачев 20-августта союздук келишимге кол коюуга мажбур болот. Бул келишимдин негизинде союздук республикалар Москвага көз карандысыз болуу үчүн көптөгөн укуктарга жетишмек. Дал ушул келишимге кол койор алдында, бийликти ГКЧП колго алышып, авторитардык бийликти сактап ткалууну көздөшөт, бирок эч кимиси бийликти шак алуудан тартынып калышат.
Горбачев камалганы менен аты бар, заты жок Орусиянын президенти Борис Ельцин камалбай, эл Москвада митингге чыгышып, Ельциндин айланасына чогулушат да, ГКЧПнын аз күндө иши бүтөт. Союздук республикалар эгемендүүлүктү алышып, 1991-жылдын декабрында Беловеж токойунда түбү славяндар Орусия президенти Борис Ельцин, Украина президенти Леонид Кравчук жана Белорус Жогорку Кеңешинин төрагасы Станислав Шушкевич СССРди таратуу тууралуу келишимге кол коюшат. Ошентип, СССР жоюлганына 28 жыл болду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»