www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Иранга каттамдарга коюлган чектөөлөрдү алып салды.

2022-жылдын 9-мартындагы Орусиянын өкмөтүнүн токтомуна ылайык, коронавирус илдеттин жайылышын алдын алуу алкагында пландуу жана пландуу эмес каттамдарга мурда киргизилген чектөөлөр жокко чыгарылды.

Буга чейин, Беларус Республикасына, Доминикан Республикасына, Египетке (Каирден тышкары), Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Финляндияга, Чехияга, Швейцарияга, Түштүк Кореяга жана Кубага каттамдарга коюлган чектөөлөр толугу менен алынып салынганы маалымдалган.

Орусиянын аба транспортунун федералдык агенттиги каттамдарды аткарууда авиакомпаниялар Орусия Федерациясынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгеринин “COVID-19 инфекциясынын жайылышын болтурбоо үчүн изоляцияны камсыз кылуу жөнүндө” токтомунун жоболорун сактоого милдеттүү экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости