www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция Ош эл аралык аэропортунун аймагында иштеген 105 таксистти суракка чакырды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Ильяс Рашидов видеокайрылуусунда өзбекстандыктар Оштун аэропортуна келип, андан кийин бул шаар аркылуу Өзбекстанга кетип жатканын, алар үчүн мындай жол арзан экенин айткан.

Бирок, анын айтымында, аэропортко жеткенде аларды жергиликтүү таксисттер тосуп алып, кымбат баада чек арага алып барыш үчүн унааларына күч менен отургузууга аракет кылышат.

«Мындай жагдайга кабылбаш үчүн кыргыз досума мени чек арага алып баруусун сурандым. Төрт киши алам, ар бири 200 сомдон берем деди. Биз макул болдук. Бирок биз унаага түшкөндө жергиликтүү таксисттер башка жүргүнчүлөрдү түшүрүп, мен бул жигиттин досу болгондуктан,мени гана калтырышты. Ал жерде патрулчулар, милиция кызматкерлери бар болчу. Бирок алар эч нерсе кылган жок. Бул жерде эмне бийлик жокпу, алардын ишин көзөмөлдөшпөйбү? Ар бир өзбекти 500 сомдон ташыйт, ал эми такси кызматын колдонууда жол кире баасы 160 сомду көрсөтөт», — дейт Ильяс Рашидов.

Өзбек жаранынын кайрылуусу ЭПКга катталган. Милиция кызматкерлери аэропортто 105 таксист иштеп жатканын аныкташып, алардын баары суракка чакырылган. Буга чейин 25 айдоочу келгени жана башкалар да кезек менен келери белгиленди.

РИИБден билдиришкендей, Ильяс Рашидов менен болгон окуя 21-июль күнү саат 22.45тер чамасында болгон. Өзбекстандын жаранына өз кызматын сунуштаган таксист дагы аныкталып, ал Кара-Суу районунун Монок айылынын 46 жаштагы тургуну И.К болуп чыкты.

РИИБ учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын жарандары Ош аэропортундагы таксисттердин жоруктарына нааразы болгон биринчи учур эмес. Ушундай эле кайрылууну журналист Шохрух Саипов дагы февраль айында жасаган. Июль айында дагы аэропорттогу абал тууралуу жазган. Бирок милиция андан кийин журналисттин кайрылуусу катталганын да билдирген. Бирок бул таксисттердин жүрүм-турумуна таасирин тийгизген эмес.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости