www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусундагы инфекциялык оорукана убактылуу жабылды

Оштогу облусундагы жугуштуу оорулар ооруканасы февралдын аягына чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Учурда оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдоого берилди. Ал ушул жылдын февраль айынын аягына чейин бүткөрүлөт. Оңдоп-түзөө иштери «COVID- 19га каршы тез реакция кылуу» долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланууда.

Долбоордун максаты – COVID-19 пандемиясына реакция кылуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөдө алдын алуу чараларына байланыштуу дары-дармектерди, чыгым материалдарын жана медициналык жабдыктарды сатып алуу, андан тышкары саламаттыкты сактоо уюмдарында шарттарды жакшыртуу жолу менен Өкмөткө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости