www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңештин кезектеги жыйынында депутат Казыбек Эргешов Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаевден «кадрдык өзгөрүүлөрдүн кереги бар беле» – деп сурады.  

Анын айтымында, муниципалитеттин ишинде токтоп калуу байкалууда. 
«Кадрлардын 60-70 пайызы алмаштырылды. Натыйжада протоколдук буйруктар аткарылган жок. Жаңы башчы ыңгайлашып жатканда, иш токтоп калып жатат. Үч ай текке кетти. Жакында шайлоо болот, жаңы мэр кайрадан кадрдык алмаштырууларды жүргүзөт, дагы бир жолу кыйроого учурайт, токтоп калуу мезгили болот», - деди ал.

Балбак Түлөбаев «мен келгенден кийин кызматкерлердин айрымдары өздөрү эле кетип калышты, айрымдары ызы-чуу кыла баштады, айрымдары иштегиси келбей жатат», - деп жооп берди.
Ошол эле учурда, депутат Балбак Түлөбаевдин өзү 100 күндүн ичинде аткарылган жумуштар боюнча отчёт берүүнү өтүнгөнүн мактоого арзырлык деп атады. «Көптөгөн мэрлер отчет берүүдөн качышкан, ал эми сиз өзүңүздүн каалооңузду билдиргенсиз», - деп кошумчалады Казыбек Эргешов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости