www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы абал тууралуу маалымат жыйын берди. Жыйын учурунда шаар мэрине 3 баласы менен батирде турган жаран үй ээси батир акысын төлөбөсө, үйдү бошотуп койгула деп жатканын, балдары менен барганга жери жок экенин айтып, жардам сурады.

"Өткөндө дагы мындай суроолор көп болгон. Биз атайын кайрылганбыз. Азыр улуу орозо айында турабыз. Көптөгөн биздин жакшы жарандарыбыз соопчулук иштерди кылып, элдерге жардам берип келе жатат. Улуу күндө үй ээси ушундай иш кылып жаткан болсо, абдан туура эмес иш кылып жатыптыр. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетсем, жалпы Ош шаарындагы батир ээлери, батирде жашап жаткан жарандарыбызга жакшы мамиле жасап, колдон келсе соопчулук кылсаңыздар. Эгер сизге ошончолук акча керек болсо, ушул үч баласы бар жаран үчүн биз сизге жардам берели", - деди Сарыбашов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости