www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, жүздөгөн турак жай кыйраган. Күбөлөр курмандыктар бар экенин, ондогон адам дайынсыз жоголгонун айтышууда. Катуу шамаал кум аралаш бурганак менен коштолгон. Лебаптагы облустук оорукана жабырлануучуларга толуп калган.

Аймакта телефон байланышы үзүлгөн. Электр кубаты, газ жана суу өчкөн. Айрым райондордо таза сууну атайын унаалар менен ташып таратышууда.

Бийлик ЖМКлар аркылуу катуу бороон тууралуу алдын ала эскертүү берген эмес. Мектеп жана бала бакчалар кечке чейин иштеген.

«Түркмөнабадда тирүү жан жок сыяктуу көрүнүп калды. Рух сарайынын төбөсү урады. Мектептер жана бала бакчалардын чатырлары талкаланды. Мародерлор катуу шамаалдан зыянга учураган дарыканаларды жана дүкөндөрдү талап жатат. Шаарда тамак-аш жетишсиз. Айрым жеке дүкөндөр кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүп жиберишти. Алар бир бөлкө нан жана бир бөтөлкө суу үчүн 20 манат (6 доллар) сурап жатышат, – деп билдирди.

Түркмөнстанда 28-апрелге караган түнү башталган бороон Өзбекстандын Бухара, Навои, Самарканд жана Кашкадарыя облустарына чейин жеткен.

Бухара облусунда бир киши өлүп, бери дегенде 41 адам жаракат алган. 5200 имарат зыян тарткан.

29-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзёев Бухара облусуна барып, табият кырсыгынан жапа чеккен аймактарды тик учак менен кыдырып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости