www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги «Мекен Ынтымагы» партиясынын төрагасы Темирбек Асанбековду кепке тартып, карантиндин айынан пайда болгон айрым жагдайлар тууралуу пикир алыштык.

--Темирбек мырза, карантин бүтсө, узак убакытка тойлорго уруксат берилбеси айтыла баштады. Бийлик бул аракети менен элди сарамжалдуулукка үйрөтүүнүн айласын издей башташтыбы?

--Элдин канчалаган жылдардан бери түптөлүп калган каада-салтын бийлик күч менен иреттеп чек коем деген чечимдерге барса, акыркы кадыр-баркын жоготот. Азыркы коомдогу шаан-шөкөт, кур намыска таянып бири бирине атаандашкан той-тополоңдун баарын элге бийликтин өкүлдөрү өздөрү үйрөткөн. Эми жаңыча жашоонун үлгүсүн, баалуулуктарын көрсөтүүнү өздөрүнөн баштап, коомду туура жолго сала турган, элди маданияттуулукка үндөгөн иштерди да жасоодо үлгү болушса албетте жакшы болмок.  Анткени, атасын көрүп, баласы тарбияланат.

--Өкмөттүн май айында жарыялайбыз деген антикризистик программасынан маселе чечилет, элдин турмушу жеңилдейт деп ойлойсузбу?

--Аткаруу бийлигибиздин парламент аянтында берген жоопторун, күнүмдүк социалдык экономикалык маселелерди чечүү багытындагы сунуштарын, антикризистик программа десек туура эмес. Кыргызстан алгач эгемендүү өлкө болоордо, СССР мамлекетинин пландаштыруу экономикалык саясатынан баш тартып, батыш өлкөлөрүнүн экономикалык стратегиясын кабыл алып, эркин соода негизиндеги, базар экономикасынын саясый программасын баштаганбыз. Азыркы күнү дүйнө деңгээлинде болуп жаткан оор макро экономикалык кризистерге жана талаптарга туруштук бере турган, Кыргызстан мамлекетинин улуттук кызыкчылыгын коргогон, жаңы саясый экономикалык программасын иштеп чыгуу маселеси турат.

--Темирбек мырза, элдин көпчүлүгү азыркы парламенттеги депутаттарды жек көрүп, тарап кетишин каалашат. Депутаттардын аракетине, дараметине  кандай баа бересиз?

--Мамлекеттик баалуулуктарды коргоо идеясы жок, көр оокатын жана жеке кызыкчылыгын сактайм деп отуруп, өз элинин каргышына кабылып, адамдык кадыр-баркын кетирип, ыймансыз иштерди аткарып кыйналып жаткан депутат бир туугандарыма боорум ооруйт. Анткени, жалпы эл эмес, жеке таанышыңды адилетсиз таарынтып койсоң, эртели-кеч жүрөгүн сайгылашып, адамдын ички дүйнөсүндө оор жүк жаралат. Булардын азыркы абалын ойлосом кыйналып кетем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости