www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда суу сактагычта дамба жарылып айылды суу каптаган. Учурда жашоочулар эвакуацияланды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматына таянып, өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Кабарларга ылайык, 1-майдын таңында Сардобинск суу сактагычындагы дамбалардын бири жырылып кетип, кесепетинен Кургантепа айылын суу каптаган.

“Куткаруучулар Кургантепанын калкын убактылуу коопсуз аймакка көчүрүштү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок“,- деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Учурда суу каптоо коркунучу бар коңшу райондун айылдарында тургундарды көчүрүү иштери уланууда.

Сардобинск суу сактагычы 2017-жылы курулган, ага 922 миллион куб метр суу сакталып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости