www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Байкишиев ээлеген кызматынан бошотулду. 

Мэриядан анын кызматтан алынышын шаардагы акыркы күндөрү жаралган таза суу көйгөйүнө байланыштуу экендигин билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындын кесепетинен шаардын батыш бөлүгүнө таза суу берүү убактылуу токтотулуп, айрым аймактардын тургундары үч күн боюу таза суусуз калышкан.

2025-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилген 4 суу кампасы, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылбай тургандыгы аныкталды.

Бул суу кампалар аркылуу шаардын бир бөлүгүнө суу берүүгө мүмкүн болгон. Бирок ишкана бул мүмкүнчүлүктү пайдаланбай, элди суу менен камсыздоону үзгүлтүккө учураткан.

Последние новости