www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто Сирияга барып, тыюу салынган топтун катарына кошулуп келген жаран кармалды.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 3-апрелде билдиргендей, 25 жаштагы жергиликтүү тургунду калаа милициясынын 10-бѳлүмүнүн кызматкерлери колго түшүргөн.

Тергөөдө маалым болгондой, шектүү Орусиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатуу менен алектенип жүргөн кезде, 2015-жылы февралда чечен тааныштарынын сунушу менен Сирияга кеткен. Ал жакта "Жабхат-ан-Нусра" тобуна кошулган. Эки ай машыгуу талаасында болгонун, курал атуу, мушташуу өнөрлөрүн үйрөнгөнүн милицияга айтып берген. Андан соң жоочулардын "Ганибат" деген тобуна кошулуп, Түркияга келгенин, ошол жерде полицияга кармалганын, кийинчерээк Кыргызстанга депортацияланганын билдирген.

Шектүү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирия жана Ирактагы диний согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктардын саны 600 чамалуу. Алардын жетимишке жакыны ошол жакта каза болгон.

Булак: "Борбордук Азия жаңылыктары"

Последние новости