www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Садыр Жапаровдун камалганына да бир нече күн болуп калды, ушул тапта “Мекенчил” партиясы кандай чараларды көрүп жатасыздар?

-Учурда баардык бийликтин бутактарына Садыр Жапаровдун  абалы боюнча кайрылуу жазып жатабыз. Албетте бийлик тарап болуп өткөн окуяга жооп бериши керек. Анткени Садыр Жапаровду кармап камаганы кетип бара жатканда алты саны аман, дени сак болчу. Сизо-1дин башкармалыгы кечээги окуяга түздөн-түз жооп бериши керек.

-Буга чейин ММКларда Садыр Жапаров жаткан камерада ататйын видеокамералар бар деп айтылган эле, ошол боюнча Сиздердин партия  жактоочу аркылуу билүүгө аракет жасадыбы?

-Бизге видеокөзмөлдү көрсөткүлө деп кат жөнөткөнбүз. Бирок катка жооп келе элек.

-Кечээ эле Фейсбук аркылуу Садыр Жапаровдун “мен өзүмдү өзүм кескиледеим” деген баракча тарап кетти. Чын эле ошол баракчадагы билдирүү Садыр Жапаровдун колуна окшошпу?

-Кечээги Фейсбук аркылуу тараган  Садыр Жапаровдун билдирүүсүндөгү кол жазмасын салыштырсак такыр башка болуп, окшошпой турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости