www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбургда 16 жаштагы кыз 50 жаштагы кишиге турмушка чыккысы келбей, терезеден секирип кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кыздын сөөгү  10-январда Элмашь районунда табылган. Окуучу кыз ата-энеси менен сегинзинчи кабатта жашачу. Кыз жана анын ата-энеси улуту боюнча езиддер. Езид улуту көбүнчө Ирактын түндүгүндө отурукташкан. Алардын салты боюнча кыздары турмушка 16 жаштан баштап чыгышат.

Маалымат боюнча, кыз өзүнө кол салаардан мурун ата-энеси менен Омск шаарына барган. Ал жерде кыздын болочоктогу жолдошу жашайт. Так ушул жагдай үчүн ал өзүнө кол салган деп божомолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости