www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргон районунда милиция кызматкерлеринин катышуусунда мектеп окуучулары арасында ар кандай кылмыш, кырсыктардын алдын алуу максатында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Ага райондук администрация, прокуратура өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, социалдык педогогдор жана ата-энелер катышышты. Жыйындын жүрүшүндө окуучулар арасында кылмыштуулукту, суицидди, мектеп рекетчилигин, топтошуп мушташуунун, жалпы эле терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча маектешүү, суроо-жооптор болду. Базар-Коргон РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата-энелерди өз балдарына ар дайым көзөмөл салып, алардын аткарып жаткан иштерине жана мектепке барып келүүсүнө көңүл бурууга чакырышты.
Булак: NazarNews.kg