www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкектеги, “Апрель шейиттери” мечитинде дагы деле текшерүү иштери жүрүүдө. Бул апрель окуясында катышкандардын жана анда курман болгондордун жакындарынын моралдык укугун бузууга жатат”. Мындай пикирин юрист Осунбек Жамансариев NazarNews.kg маалымат агентигине билдирди. 

Жамансариевдин айтымында, саясатташтырып мечитти камап коюу туура эмес. Ал 7-апрелде курман болгондорго арналып салынган. Кандай болгон күндө дагы ал мечит элдики.

- Биринчиден муну эл колдонуп жатат. Камакка алууда эч кандай майнап чыкпайт. Аукционго коюп сатып жибере алышпайт, -дейт Жамансариев. 

Эске сала кетсек, аталган мечит Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алынганын, Башкы прокуратура билдирген. Бирок, ушул эле ведомство кийинчерээк бул билдирүүнү тууралап, мечитке кеткен акча кайдан келгенин гана иликтеп жатышканы тууралуу маалымат таратышкан. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости