www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КРнын коомдук саясий күчтөрүнүн 24.11.18 өткөн Курултайынын Чечимдерин турмушка ашыруу багытындагы Аткаруу комитетинин кезектеги 4-жыйыны бүгүн 05.03.19 “Достук” мейманканасында “Бишкек баарлашуусу: Мамлекеттүүлүк жана идеология” аталышында илимий-практикалык конференция формасында уюштурулду.
Төмөндө 3 саатка созулган кеңешмеде кабыл алынган Чечимди толугу менен жарыялайбыз.
ЧЕЧИМ
Элдин эле эмес, ар бир адамдын өз жолу болот. Жолдон адашканда чайналуу, чайпалуу үстөмдүк кылат. СССРдин учурунда баардык маселе Москвадан чечилип, “коммунизмге барабыз”-деген ураандар коштогон мамлекеттик идеологиянын өктөмү менен көбүн эсе иштер азыркыга салыштырмалуу иреттүү, максаттуу жүргүзүлөр эле.
Жараткандын көзү бизге түз экен, эгемендикке жеңил жетиштик. Өлкөбүздүн желеги Бириккен Улуттар Уюмунда желбиреп турганы чоң олжо, кунар баасына чен жок дөөлөт! Ошол саясий көз карандысыздыкка жетишкен 90-жылдарда эле кандай өлкө курабыз? Кайсыл жол менен өнүгөбүз? Эмне үчүн элдик курултай крек? Идеологиялык карманган принциптерибиз кандай болот?- деген суроолор күн тартибинде турган болсо, азыр да бул омоктуу маселенин түйүндөрү элдин кызыкчылыгына, кыргыз коомчулугунун каалоосуна ылайык чечиле элек.
Сырттан таңууланган “ачык либералдык демократиялык коом” аталган түзүлүш кыргыз кыртышына өнүп кете алган жок. Отуз жылга жакын убакыт текке кетти. Менчиктештирүү саясаты өнүмдүү нукту албастан, талкалоо багытында жүргүзүлгөндүктөн мамлекеттик мүлк, жер-суу байлыктары таланып-тонолду, жумушсуз калган эл чачырады. Билим берүү, маданият, дин, маалымат саясатына мамлекеттик мамиле өз деңгээлинде болбой жатат. Коомдо кылмыштуулук, коррупция күчөп, улуттук деградацияга жол ачты.
Абалды оңдоо үчүн кеч да болсо, мамлекеттин атын алып жүргөн түпкүлүктүү элдин улуттук баалуулуктарына таянган салттуу жолго түшүүдөн башка арга жок калды. Андыктан, коомдук-саясий түзүлуштү жөнгө салган Баш мыйзамды, идеологиялык багытты ата бабалардын жолуна ылайыктап, түп тамырынан жаңылап кабыл алуу озуйпасы алдыбызда тургандыктан, 2019-жылдын 5-март күнү өткөн “Бишкек баарлашуусу: мамлекеттүүлүк жана идеология” аталышындагы Конференциянын катышуучулары баяндамачылардын жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн ой-пикирлерин, сунуш-долбоорлорун эске алуу менен
Чечим кылат:
1.КРнын бирдиктүү, заманбап улуттук өнүгүү Концепциясын иштеп чыгуу боюнча Коомдук жумушчу кеңеш түзүлсүн.
Кеңештин курамына:
1. Абыкеев Чолпонбек, коомдук ишмер, жазуучу
2. Абылов Мамбетжунус, “Эл үнү” кыймылы
3. Бөрүбашев Бекбосун, юоидика илим.доктору
4. Байас Турал, тарых илим.кандидаты
5. Бусурманкулов Айбек, “Эркин эл” партиясы
6. Дүйшеев Кубанычбек, “Элдик Курултай” кыймылы
7. Кошалиев Кадырали, ТЭКтин төрага орун басары
8. Каптагаев Эмилбек, “Эл бийлиги” партиясы
9. Сарыгулов Дастан, коомдук ишмер
10.Темиркулов Азамат, саясий илим.доктору
11. Нусупов Дөөлөт, коомдук ишмер
12. Молдоева Мээрим, “Уулу журт” К/б
13. Пазылов Өмүрбек, тарыхчы, жодоштор кирсин жана биргелешип иш алып баруу үчүн тараптарга жол ачык калтырылсын.
Коомдук жумушчу кеңеш КРнын жаңы Конститутциясына улуттук идеологиянын өзөктүү жоболорун киргизүү максатында 2019-жылдын 1-майына чейин долбоорду иштеп чыксын.
2. Бүгүнкү конференцияда жактырылган КРнын “Элдик Курултайлар жөнүндө” мыйзамга киргизиле турган негизги жоболору (Жаңы Конституцияга жана колдонуудагы Баш мыйзамга ылайык) 2 вариантта бекитилсин. Бекитилген долбоорлор “Элдик Курултайлар жөнүндө” мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун башчысы, КРнын Президенттинин ЖКдагы ыйгарым -укуктуу өкүлү К.Дыйканбаев башында турган жумушчу топко жиберилсин.
3. КРнын коомдук саясий күчтөрүнүн 24.11.18 өткөн Курултайынын Чечимдерин турмушка ашыруу багытындагы аракеттер коомчулуктун колдоосуна таянуу менен ырааттуу жана ыкчам жүргүзүлсүн.
4. Бул чечимдин Кыргыз мамлекети үчүн тагдыр чечер мааниси бар экендигин элге жеткирүү максатында коомчулук менен иштөөнүн мүмкүн болгон мыйзамдуу ар кандай жолдору (ММКлар, жандуу жолугушуулар, кол топтоолор) колдоого алынсын.
Булак: NazarNews.kg