www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ит кылбаган кылыкты кылсаң дагы сени балам деп, аппагым деп, жанын бергенге даяр турганы үчүнбү? Мындай пикирди Өткүрбек Рахманов өзүнү Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Ата-энем тууралуу анча-мынча сурап калган достор бар. Менин ата-энем бир күн дагы мамлекеттик кызматта иштеген эмес, карапайым кишилер. Атам устачылык кылып бизди 4 уул 1 кызды багып өстүргөн, окуткан, элге кошкон. Мына акыркы дээрлик 12-13 жылдан бери ата-энем, бир туугандарым Россияда мигрант. Атам менен апам «дворник». Азыр мен бул постту жазып отурганымда, ата-энем балдарым - биз үчүн деп, көчө шыпырып жаткан болсо керек... Кыргызстанга келип, үйдө эле болуңуздар дегенге көнбө, «алы күчүбүздүн барында силерге үй-жай кылып берели, инилериңди үйлөп жайлап коюшубуз керек» деген сөздөрун айтышат. Аларды ойлоп менин бул жактагы күнүм дагы, түнүм дагы эч качан жакшы өтпөйт. Анда мен дагы ошол жакка барып иштейин десем, ага да макул болушпайт.
Анан атасы менен апасын баласы сотко берсе болот деген демилге ЖКда көтөрүлгөнүн караңыз.
Кантип андай болот?! Атаң менен апаң өздөрү жебегенин сага жедирип, өздөрү кийбегенин сага кийдирип жатканы үчүнбү? Ит кылбаган кылыкты кылсаң дагы сени балам деп, аппагым деп, жанын бергенге даяр турганы үчүнбү?», - деген ал.
Булак: NazarNews.kg