www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германиянын 2005 -жылдан бери алмаша элек туруктуу канцлери Ангела Меркель. Тагыраагы, Германиянын тарыхындагы биринчи жана жалгыз канцлер.
Көптөгөн немистер Меркелди "мути" - апа деп аташат. Бардык немистердин апасы. Ошол эле учурда Меркелдин өзүнүн балдары жок болгондуктан чындыгында немис эли жана анын экинчи күйөөсү Йоахим Зауэрдин балдары ордун толтурат.
Бирок, эмне себептен Меркелдин балдары жок? Тилекке каршы, Ангела 23 жашында тукумсуздук диагнозу коюлган. Меркель эң мыкты клиникаларда көп жолу дарыланган, бирок бул эч жыйынтык берген эмес.
Имиштерге караганда, Меркелдин биринчи күйөөсү химик Улрих Меркель менен ажырашуусунун негизги себеби алардын балалуу боло албагандыгы болгон. Кээ бир дамдардын айтымында, Ангела ажырашууга абдан капа болгон, ал эми күйөөсү тескерисинче такыр өкүнгөн эмес.
Ангела Меркель биринчи жолдошу Улрих Меркель менен, 1977-жыл
Баса, алар Меркель мурунку жубайы менен болгон оор абалдан улам Германияда суррогат эне болууга тыюу салганын айтышат. Германияда бул процедураны ишке ашырган дарыгер 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн деген тыянакка келген. Бул боюнча айтылган сөздөргө караганда, Ульрих Меркелдин экинчи аялы да Ангела сыяктуу балалуу боло албай, алар суррогат эненин кызматынан кийин балалуу болушкан. Муну билген Ангела ачууланып, суррогат энеге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон.
Ангела Меркель жана жолдошу Йоахим менен, 1986-жыл
Бирок, бул жөн гана ушак. Расмий маалыматтар боюнча, мындай кызматка тыюу салуунун себеби башка. Суррогат эне болууга Европанын көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрүндө, ошондой эле АКШнын кээ бир штаттарында тыюу салынган.
Атап айтканда, бул жерде немис парламентинин 1991-жылы айтылган расмий позициясы:
"Суррогат эне болуу баланын эркине карама-каршылыкты алып келет. Себеби аны көтөрүп жүргөн эненин ортосундагы психосоциалдык мамиле эске алынбай калат. Төрөгөндөн кийин баланы энесинен, энени баладан ажыратуу, экөөнө тең терс таасирин тийгизиши мүмкүн" деп жазылган парламенттин расмий позициясында.
Которуп даярдаган Таалайбек кызы Айдана, Булак: NazarNews.kg