www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

…Биздин мамилебиз сонун башталган. Алгач ирет досумдун туулган күнүндө көргөм. Ал жолдош баламдын сүйлөшкөн кызынын курбусу экен. Абдан жакшы отурдук. Андан кийин мен ага телефон чала баштадым. Жолугушууга чакырдым. Кыз-жигит болдук. Аябай ашык болуп калганымды аңдадым. Колун сурасам, макулдугун берди. Ааламдагы эң бактылуу адамга айландым. Жарым жыл өтпөй баш коштук. Кыжырымды кайнаткан бир учурга чейин баары жакшы болчу…

Жумушта элем, телефон чалып, курбу кыздары менен отурарын айтты. Макул дедим. Иштен чыгып, кафеге барсам, ал аябай кызып алыптыр. Ошол көрүнүш ачуумду келтирди. Жолду катар аны уруша баштадым, ал мага күлүп, тилдеп, кемсинтип кирди. Ошондо жаакка чаап жибердим. Аябай чоң жаңжал чыкты. Жубайым менден кетем дегенде андан кечирим сурадым. Экични мындай нерсе кайталанбай турганын убада кылдым. Ал да мындан ары терс кылык-жорукка жол бербей турганын айтып сөз берди. Кайра баары өз калыбына келгенсиди. Ал уруштан бүтүм чыгарып, акылдуу боло түштүк. Баары жакшы эле көрүнгөн…

Бир нече айдан кийин жаңжал кайра кайталанды. Бул ирет ал мени жини менен бир чапты. Толук кечире албай жүргөн окшойт, өчүн алды. Мурункуда чапканым үчүн күнөөмдү сезип, өзүмдү кармадым. Бирок аябай ызаланып калдым.

Кийинки жолкусунда андай сабырдуу боло албадым. Ал мага, мен ага кыйкырдым. Жаакка чапканында мен ага да дал ошондой жооп кайтардым. Соккумдан жерге кулап түштү. Айланадагылар чуркап келип, аны өйдө тургуза баштаганда кетип калдым. Кылчайып караганым да жок.

Бир айдан кийин гана жараштык. Мен үчүн да, ал үчүн да кандай оор мезгил болгонун айтпай эле коеюн. Акырындап жашообуздагы абдан коркунучтуу ошол кезди унуткара баштадык. Абалыбыз өз нугуна түштү. Жарым жыл өткөндөн кийин боюна бүттү. Бул кабар мени бакытка бөлөдү. Айланчыктап жанынан чыкпай, бардык каалоосун аткарчумун. Ичин сылай, болочок балам менен сүйлөшчүмүн. Кыз төрөдү. Мындай сүйүүгө алгач ирет кабылдым, кызыма болгон сезимди дегеним. Мындай бакытты тартуулаганы үчүн жубайыма да абдан ыраазы болдум.

Бир ирет кайра жаңжалдаштык. Кызуу элем, аялыма тийише баштадым. Баары кандай башталып кеткени так эсимде жок, бирок ага бир нерсе жакпай турду. Мени каалабаганын айтты. Жиним келип, күчкө салып зордогондой жөн гана ойноп жаткам. Андай деле кылмак эмесмин, бирок аша чаап кеттим, ачуум менен кол көтөрө баштадым. Ыйлап, токто деп жалбарып жатты. Башка бөлмөдө кызыбыз буркурайт. Ушунчалык кыжырданып өз аялыма болгон күчүмдү көрсөтө, аны башкарганыма маашырландым көрүнөт. Анын көз жашы да мени токтотподу, кызымдын ыйына да карабадым. Аялымды сөгүп да, сабап да жаттым.

Бир аз соолуга түшкөндө башымды мыкчыдым. Зөөкүр өзүм экенине ишене албадым. Кандайча болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Аябай сүйүп туруп, неге сабадым, эмнеге анчалык жек көргөнүмдү билбейм.

Азыр жарым жанымда жок. Жок, ал тирүү эле. Бирок ал үчүн мен өлдүм. Ата-энесиникине кетти, кызымды ала кетти.

Күн сайын ага телефон чалам. Кайра кайтышын суранам. Бирок ал мага эми ишенбейт. Мени ошол күнкү абалда көргөн кызым да коркуп калыптыр. Өзүмдү өзүм жек көрөм.

Жардамыңарды күтөм! Кайра аны менен кантип жарашам, айткылачы?! Кайра бир күнү сыртка чыга калышы ыктымал болгон ичимдеги желмогузду кантип жоготом?! Өз үй-бүлөм менен бактылуу болгум келет, жашоомдогу бул эки асыл адам мени башка бирөөгө алмаштырганын көтөрө албайм! Көмөктөшкүлөчү мага!

Булак: "Спутник"

Последние новости