www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда УКМКнын тергөө абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы саналган Алга Кылычев үй камагына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Биринчи Май райондук сотунун өкүлү маалымат таратты.

Андагы маалыматка ылайык, Кылычев тергөө менен кызматташуу келишимине макул болгон жана анын жактоочусунун берген өтүнүчү менен ал үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо операциясы учурунда эл менен милиция  кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болгон. Анда УКМКнын бир офицери окко учуп, 100дөн ашуун жаран ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Эртеси, 8-августта, сүйлөшүү жолу аркылуу Атамбаев багынып, камакка алынган. Ал эми ошол күндөрү Алга Кылычев Атамбаевдин башка тарапташтары менен биргеликте башаламандык уюштурган деп айыпталып, камакка алынган.

Кийинчерээк Кылычев тергөө учурунда Атамбаевге, КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бергени тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев маалымат тараткан. Бул боюнча ушул күнгө чейин Кылычевдин тарапташтары ак же көк деше элек.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости