www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Тажикстан   чек арасын минадан тазалап бүттү. Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, минадан тазалоо иштерин өзбек тарап өз каражатына жана өз күчү менен жүргүзгөнү кабарланды.

2018-жылы Шавкат Мирзиёев Тажикстанга алгачкы мамлекеттик сапар менен барганда эки өлкө 2019-жылдын аягына чейин жалпы чек ара тилкесин минадан тазалоону макулдашкан. Өзбекстан Тажикстан менен чектешкен тилкедеги тоолуу аймактарына өткөн кылымдын 90-жылдарынын акырында мина коюлган. Ташкент муну өз аймагына «Өзбекстандын ислам кыймылы» уюмунун согушкерлерин өткөрбөө аракети менен түшүндүргөн.

Тажикстанда акыркы 20 жыл ичинде 800дөн ашык тажик жараны минадан жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости