www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан кыргызстандыктардын 520 баш малын кыргыз тарапка өткөрүп берди.  Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, эки тараптын жолугушуусу учурунда абалдын чыңалып кетишине жол бербөө боюнча сүйлөшүлүп,  Өзбекстан тарапка өтүп кеткен кыргыздардын 520 баш  малын кыргыз тарапка өткөрүп беришкен. Кийин  малдар  ээлерине тапшырылып, кыргызстандыктар Өзбекстандын аскер адамдарына эч кандай доосу жок экенин айтышкан.

Азыркы учурда чек арадагы абал туруктуу деп бааланып,  эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатакандыгы айтылат.

Эске салсак, 6-январда Ала-Бука районунун Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен Ак-Сай айылына караштуу Ак-Курча участкасында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Буга чейин жергиликтүү тургундардын бири Сабыр Сейдакмат уулу  өзбек чек арачылары аткан октон жеңил жарат алган.  Чырдын чыгышына такталбаган чек ара аймагына Ак-сайлыктардын өзбек тарапка малынын кирип кетиши себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости